Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGZ-104 КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ II KIRGIZ DİLİ VE EDEBİYATI II 2 0 + 2 1 2
Курстун деңгээли Бакалавр
Курстун түрү Талаптуу
Курстун мугалими Бакытбек ДЖУНУСАЛИЕВ
Курстун тили Кыргызча
Жардамчылар -
Аудитория İletişim Fakültesi 419
Курстун максаты Мамлекеттик тилдин мүмкүнчүлүктөрүн турмуш-тиричилик, кесиптик чөйрөдө, ар кандай жагдайларда оозеки, жазуу түрүндө кеңири колдоно билүүгө үйрөтүү. Стилдин бардык түрлөрүнө мүнөздүү болгон тилдик каражаттарды бири-биринен айырмалоого, текстти талдоого, кайра түзүүгө, редакциялоого машыктыруу. Расмий жана бейрасмий иш кагаздарын так ажырата билип, аларды керектүү учурда сабаттуу жазганга көнүктүрүү. Илимий эмгектер менен иштегенди, цитаталарды натыйжалуу пайдаланганды, керектүү тексттерди конспектилөөнү үйрөтүү. Адистикке байланышкан терминдердин маанисин терең түшүнүп, аларды орду менен колдонгонго көнүктүрүү. Кыргыз тилдин фонетикалык-лексикалык табиятын, грамматикалык, стилдик касиетин, коомдук чөйрөдө колдонмо өзгөчөлүктөрүн, башка тилдерден болгон айырмачылыгын, которулуш бирдиктерин, эл аралык байланыштагы эквиваленттери менен салыштырып айырмалоо белгилерин, кесиптик лексикалык курамын толук өздөштүрүүгө өбөлгө түзүү. Көркөм чыгармаларды, коомдук саясий темадагы гезиттик материалдарды, кабарларды окуп талкуулоо, телерадио берүүлөрдөн актуалдуу маселерди угуп, ал боюнча өз пикирин туура айтып, кагазга сабаттуу түшүргөндү үйрөтүү. Сөз байлыгын өстүрүү.