Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGZ-204 Кыргыз тили жана адабияты IV Kırgız Dili ve Edebiyatı IV 4 2 + 0 0 2
Курстун деңгээли Бакалавр
Курстун түрү Талаптуу
Курстун мугалими Алтынбек Исмаилов
Курстун тили Кыргызча
Жардамчылар -
Аудитория Online
Курстун максаты Кыргыз адабиятынын табиятын өз алдынча түшүнүп, аны азыркы дүйнөлүк адабий баалуулуктар менен салыштырып баалаганга үйрөтүү. Кыргыз адабиятына жаңылык алып келген калемгерлердин өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу. Алардын үлгүгө тартарлык өрнөктүү адабий тексттерин окуп, терең түшүнүүгө жетиштирүү. Акын-жазуучулардын адабий мурастарына, чыгармачыл өнөрканасына, адабий процесске сынчыл-эстетикалык талдоо жүргүзгөнгө машыктыруу. Адабияттагы агымдардын өзгөчөлүгүн жана сүрөткердин жеке индивидуалдуу стилин аныктаганды үйрөтүү. Кыргыз адабий процессинде, адабият тарыхында үлгүгө тарта турган өрнөктүү чыгармалардын кантип жаралгандыгын жана алардын кандай чен-өлчөмдөр аркылуу өлчөнөрүн үйрөтүү. 60-жылдардагы жана эгемендик доордогу кыргыз адабиятында пайда болгон жаңы тема, жаңы тематика, жаңы ысымдар менен тааныштыруу. Алардын үлгүгө тартарлык адабий мурастарын окуп, терең түшүнүүгө машыктыруу. Кыргыз элине таандык көркөм адабий мурастардын мазмунунда камтылган идеялык-эстетикалык дөөлөттөрдү өз алдынча талдай билүүгө үйрөтүү.