Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
TİY-301 АКТЕРДУК ӨНӨР V OYUNCULUK SANATI V 5 1 + 4 3 6
Курстун деңгээли Бакалавр
Курстун түрү Талаптуу
Курстун мугалими Ага окутуучу ШАМИЛЬ ДЫЙКАНБАЕВ
Курстун тили Кыргызча
Жардамчылар ===
Аудитория Villa - 1
Курстун максаты Көркөм окуу сабагынын жалпы теориалык керектүүлүк негизи. Сахнада сөз менен таасир берүү. Сабактын негизги максаты студенттерди болочок актерлорду,режиссерлорду, театр таанучуларды жана педагогдорду сахна чеберлерин сөз менен бийик ойду жеткирүүнү үйрөтүү. Сахнада чыгарманы кандайча көркөм окуу керек экендигин,бийик, терең ойлорду сөз аркылуу угарманга жеткирүү прозаны, поэманы, тамсилди жана монологдорду сахнада жаратуу. Көркөм окуу сабагы үчүнчү курста башталат, дүйнөлүк чыгармалардан монолог окуу төртүнчү курста иштелет.Чыгарманы тандоо,чыгарманын көркөмдүүлүгү жана идеялдуулугу, текстин үстүнөн иштөө аны редакциялоо адабий тексти-чыгармага ылайыкташтыруу. Актердун чыгармачылыгындагы сөздүн орду. Сөз бул –кыймыл. Чыгармадагы сөз астында камтылган ойлорду ачуу. Элестөө.Фактыны баалоо.Сөздүн техникасы жана локикасы.Логикалык жана психологиялык паузалар. Басым, интонациялар, образдын харктерлүүлүгү. Каармандардын өз ара мамилелери.Окурмандын чыгармадагы чагылдырган ойду бере алышы.Түз жана кыйыр сөз. Айтуучулук искусствосу- бул окуяны баяндоочунун жандуу аткаруусу аркылуу берүүсү, угарман менен болгон түз байланышуусу. Аткаруучулук чеберчиликке: үзүндүлөрдү, монологдорду дүйнөлүк авторлордун чыгармаларынын үстүнөн иштөөсунун камтылышы сөз таасирдуулугу кирет. Музыка дүйнөсүн көркөм окууда пайдалануу