Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
CDE-103 ТИЛ ИЛИМИНЕ КИРИШҮҮ DİLBİLİME GİRİŞ 1 2 + 0 2 3
Курстун деңгээли Бакалавр
Курстун түрү Талаптуу
Курстун мугалими Доц.док. Назира Абдыгазиева
Курстун тили Кыргызча
Жардамчылар -
Аудитория 416 (Экономика факультети)
Курстун максаты «Тил илимине киришүү» курсу тил (тилдер) жана анын жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү, коомдук функциясы, маани-маңызы, табияты, система-структуралык түзүлүшү, структуралык деңгээлдери жөнүндөгү илимий-теориялык жана практикалык көз караш-пикирлердин, изилдөөлөрдүн жалпы системасын окутуп үйрөтөт, маалымат берет. «Тил илимине киришүү» курсу жогорку окуу жайларында филолог адистерди даярдоодо милдеттүү түрдө окутулуп келет да, студенттерди тил илиминин негиздери менен тааныштырып, алардын лингвистикалык кругозорун кеңейтет, аларды жеке тил илиминин жана жалпы тил илиминин материалдарын өздөштүрүүгө даярдап, тилдик сезимталдыгын, сезим-туюмун ойготууга багытталат. Тил илиминин жаралышы, өнүгүшү, анын башка илимдер, илим тармактары менен болгон карым-катышы, байланышы жөнүндө алгачкы чакан маалымат менен кабардар кылат. «Тил илимине киришүү» курсу аркылуу студенттер жеке тил илиминин да, жалпы тил илиминин да айрым материалдарын өздөштүрүү менен, тил жөнүндө, тил илими жөнүндө, тилдик структура жөнүндө системалуу билимге ээ болушат. Курстун максаты – Тил илимине киришүү предмети тил жөнүндөгү илимдин негизги түшүнүктөрү менен тааныштырып, тил илимине тиешелүү теориялык маселелерди үйрөнүүгө даярдайт жана багыт берет. Курстун милдеттери: • Тилдин жаратылышын жана маңызын аныктоо. • Тилдин түзүлүшүн кароо, тилдик деңгээлдер ж-ө түшүнүк. • Тилди изилдөө методдору менен таанышуу, онугуу тарыхын изилдөө. • Жазуунун пайда болушун, онүгүшүн изилдөө. • Тилдерди салыштыруу. • Изилдоонун методдорун иштеп чыгуу. • Лингвистиканын башка илимдер менен байланышын кароо (тарых, психология, логика, адабият таануу, математика ж.б.).