Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGZ-103 КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ I KIRGIZ DILI VE EDEBIYATI I 1 0 + 2 1 2
Курстун деңгээли Бакалавр
Курстун түрү Талаптуу
Курстун мугалими Бакытбек ДЖУНУСАЛИЕВ
Курстун тили Кыргызча
Жардамчылар -
Аудитория -
Курстун максаты Кыргыз тилинде сабаттуу жазууга, окуганын, укканын, өз ой-пикирин, көз карашын эркин сүйлөй билүүгө үйрөтүү. Расмий иш кагаздарын сабаттуу жаза билүүгө машыктыруу. Мамлекеттик тилдин мүмкүнчүлүктөрүн турмуш-тиричилик, кесиптик чөйрөдө, ар кандай жагдайларда оозеки жана жазуу түрүндө кеңири пайдалана алууга машыктыруу. Адистикке байланышкан терминдердин маанисин терең түшүнүп, аларды орду менен урунганга көнүктүрүү. Көркөм-эстетикалык дөөлөттөрдү жараткан таланттуу инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу. Алардын үлгүгө тартарлык адабий мурастарын окуп, маанисин терең түшүнүүгө жана аудио китептер менен иштөөгө көнүктүрүү.