Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGZ-103 КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ I KIRGIZ DİLİ VE EDEBİYATI I 1 0 + 2 1 2
Курстун деңгээли Бакалавр
Курстун түрү Талаптуу
Курстун мугалими Алтынбек Исмаилов
Курстун тили Кыргызча
Жардамчылар -
Аудитория İIBF 217
Курстун максаты Кыргыз тилинде сабаттуу жазууга, окуганын, укканын, өз ой-пикирин, көз карашын эркин сүйлөй билүүгө үйрөтүү. Иш кагаздарын туура жазганга машыктыруу. Кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн, анын өзгөчөлүктөрүн, орфоэпиялык, орфографиялык нормаларын жана тыныш белгилеринин коюлуш эрежелерин үйрөтүү. Жеке жана көп маанилүү, төл жана бөтөн сөздөрдү ажырата билүүгө көнүктүрүү. Сөздөрдүн лексико-семантикалык маанисин талдап, сүйлөм ичинде синоним, антоним жана омонимдерди натыйжалуу пайдаланганды үйрөтүү. Тил, адабиятка жана адистигине тиешелүү сөздүктөрдү колдонгонго машыктыруу. Сөз байлыгын өстүрүү. Уңгу менен мүчөнүн аткарган кызматын ажырата билип, жөнөкөй жана татаал сөздөрдү туура жазганга үйрөтүү. Сөз түркүмдөрү жөнүндө маалымат алып, текст жазган учурда сөз айкаштары менен сүйлөмдөрдү туура жана натыйжалуу колдоно билүүгө машыктыруу. Фразеологиялык айкаштардын, макал-лакаптардын, учкул сөздөрдүн маанилерин чечмелеп, аларды күндөлүк жашоосунда орду менен пайдаланууга көнүктүрүү.