Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGZ-101 КЫРГЫЗ ТИЛИ I KIRGIZCA I 1 2 + 0 2 2
Курстун деңгээли Бакалавр
Курстун түрү Талаптуу
Курстун мугалими Ниязбек Толобеков
Курстун тили Кыргызча
Жардамчылар -
Аудитория 416İİBF
Курстун максаты Кыргыз тилинде сабаттуу жазууга, окуганын, укканын, өз ой-пикирин, көз карашын эркин сүйлөй билүүгө үйрөтүү. Иш кагаздарын туура жазганга машыктыруу. Кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн, анын өзгөчөлүктөрүн, орфоэпиялык, орфографиялык нормаларын жана тыныш белгилеринин коюлуш эрежелерин үйрөтүү. Жеке жана көп маанилүү, төл жана бөтөн сөздөрдү ажырата билүүгө көнүктүрүү. Сөздөрдүн лексико-семантикалык маанисин талдап, сүйлөм ичинде синоним, антоним жана омонимдерди натыйжалуу пайдаланганды үйрөтүү. Тил, адабиятка жана адистигине тиешелүү сөздүктөрдү колдонгонго машыктыруу. Сөз байлыгын өстүрүү. Көчмөн турмуштун адабиятка тийгизген таасирин түшүндүрүп, оозеки чыгармачылыктын түрлөрү менен тааныштыруу. Фольклор менен жазма адабияттын табиятын ажырата билүүгө үйрөтүү. Көркөм-эстетикалык дөөлөттөрдү жараткан таланттуу инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу. Байыркы жазма эстеликтер менен кийинки доордогу кыргыз жазма адабиятынын ээлеген ордун, ошол мезгилден калган баалуу адабий мурастардын маани-маңызын өз алдынча талдаганга үйрөтүү. Ошол мезгилде жашаган калемгерлердин өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу. Үлгүгө тартарлык өрнөктүү адабий тексттерди окуп, терең түшүнүүгө жана аудио китептер менен иштөөгө көнүктүрүү.