Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
UDL-204 ПРАКТИКАЛЫК КЫРГЫЗ ТИЛИ II UYGULAMALI KIRGIZCA II 4 0 + 2 0 2
Курстун деңгээли Бакалавр
Курстун түрү Талаптуу
Курстун мугалими
Курстун тили Кыргызча
Жардамчылар -проектор, аудио плейер
Аудитория 517
Курстун максаты Кыргыз тилдин фонетикалык-лексикалык табиятын, грамматикалык, стилдик касиетин, коомдук чөйрөдө колдонмо өзгөчөлүктөрүн, башка тилдерден болгон айырмачылыгын, которулуш бирдиктерин, эл аралык байланыштагы эквиваленттери менен салыштырып айырмалоо белгилерин, кесиптик лексикалык курамын толук өздөштүрүүгө өбөлгө түзүү. Көркөм чыгармаларды, коомдук саясий темадагы гезиттик материалдарды, кабарларды окуп талкуулоо, телерадио берүүлөрдөн актуалдуу маселерди угуп, ал боюнча өз пикирин туура айтып, кагазга сабаттуу түшүргөндү үйрөтүү. Иш кагаздарын сабаттуу жазууга машыктыруу. Сөз байлыгын өстүрүү. Кыргыз адабий процессинде, адабият тарыхында үлгүгө тарта турган өрнөктүү чыгармалардын кантип жаралгандыгын жана алардын кандай чен-өлчөмдөр аркылуу өлчөнөрүн үйрөтүү. 60-жылдардагы жана эгемендик доордогу кыргыз адабиятында пайда болгон жаңы тема, жаңы тематика, жаңы ысымдар менен тааныштыруу. Алардын үлгүгө тартарлык адабий мурастарын окуп, терең түшүнүүгө машыктыруу. Кыргыз элине таандык көркөм адабий мурастардын мазмунунда камтылган идеялык-эстетикалык дөөлөттөрдү өз алдынча талдай билүүгө үйрөтүү.