Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
PDR-307 ПЕДАГОГ.ЛЫК-ПСИХ.ЯЛЫК КЕҢЕШ ЖАНА КӨМӨК-II REHBERLİK VE PSİKOLOJİK DANIŞMA-II 5 3 + 0 3 3
Курстун деңгээли Бакалавр
Курстун түрү Талаптуу
Координатор Ага Окутуучу Др. Кадиан БООБЕКОВА
Курстун мугалими
Курстун тили Кыргызча
Жардамчылар СЕЛАХИТТИН АВШАРОГЛУ
Аудитория İİBF, 522
Курстун максаты Бул сабактын максаты – студенттердин психологиялык кеӊеш учурунда терапиялык шарттар менен негизги жана татаал деӊгээлдеги психологиялык кеӊеш берүү, консультация жасоо ыкмаларын таасирдүү туура колдоно алуусун, терапиялык шарттарды түзүүнү үйрөнүүнү үйрөтүү. Психологиялык- педагогикалык кеңеш-көмөк бөлүмүнүн студенттери үчүн психологиялык кеңеш берүү сабагынын негизги темалары тууралуу маалымат берилет. Мектепте балдардын сабак окууда, же башка учурда кыйналган абалдары, мугалим менен окуучунун арасында мамиле, психологиялык консультация, кеңеш өзгөчөлүктөрү, группада кеңеш берүү иштери, башталгыч жана орто класстарда, университеттерде консультация берүү, окуучуну борборго алган кеңеш кызматтары сыяктуу темалар каралат. Бул сабакта алган маалыматтардын турмушта колдонулушу, психологиялык кеңеш- көмөк, консультация кызматтары, кесиптик этика, негизги принциптери, изилдөө методдору методдору менен таанышып, алган билимин өз жашоолорунда, кесибинде активдүү колдонулушу үйрөтүлөт. Мектептерде практикалык сабактарга катышышат. Психологиялык кеӊеш берүү процесси, консультация бере алуу, негизги психологиялык кеӊеш берүү ыкмалары: көӊүл буруу, суроо суроо, колдоо, мазмунун билдирүү, сезимин чагылдыруу, жыйынтыктоо, буларды бириктирип консультация жасоо. Татаалдашкан кеӊеш берүү процесси: маселеге тереӊ көӊүл буруу, ой пикирин билдирүү,