Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
PDR-204 ПЕДАГОГИКАЛЫК-ПСИХОЛОГИЯЛЫК КЕҢЕШ ЖАНА КӨМӨК I REHBERLİK VE PSİKOLOJİK DANIŞMA I 4 3 + 0 3 3
Курстун деңгээли Бакалавр
Курстун түрү Талаптуу
Координатор Др. Кадиан БООБЕКОВА
Курстун мугалими
Курстун тили Кыргызча
Жардамчылар Хасан Йылмаз
Аудитория İİBF-526
Курстун максаты Гуманитардык факультеттин Психологиялык- педагогикалык кеңеш-көмөк бөлүмүнүн студенттери үчүн психологиялык кеңеш берүү сабагынын башка сабактарга байланышы билинип, айырмасынын такталышы, негизги темалары тууралуу маалымат берилет. Мектепте балдардын сабак окууда, же башка учурда кыйналган абалдары, мугалим менен окуучунун арасында мамиле, психологиялык консультация, кеңеш өзгөчөлүктөрү, группада кеңеш берүү иштери, башталгыч жана орто класстарда, университеттерде консультация берүү, окуучуну борборго алган кеңеш кызматтары, сыяктуу темалар каралат. Инсан жүрүш-турушунда түрдүүлүк, нормалдуу жана девианттык жүрүш- туруштар, коомдогу байланыш, личносттук өзгөчөлүктөр темалары өтүлөт. Бул сабакта алган маалыматтардын турмушта колдонулушу, психологиялык кеңеш- көмөк, консультация кызматтары, кесиптик этика, негизги принциптери, изилдөө методдору методдору менен таанышып, алган билимин өз жашоолорунда, кесибинде колдонушу үйрөтүлөт.