Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
FLS-205 САЯСАТ ФИЛОСОФИЯСЫ SİYASET FELSEFESİ 3 3 + 0 3 3
Курстун деңгээли Бакалавр
Курстун түрү Талаптуу
Координатор Др. Абдирашит Бабатаев
Курстун мугалими
Курстун тили Кыргызча
Жардамчылар Dr. Abdiraşit BABATAEV
Аудитория 421
Курстун максаты Бул сабактын негизги максаттарына төмөнкүлөр кирет: - Байыркы доордон азыркы күнүбүзгө чейин өзгөчө роль ойногон философтордун саясатка байланышкан көз-караштарын, сын пикирлерин окутуу жана алар жөнүндө жалпы түшүнүк берүү; - Саясат философиясы менен саясат билими арасындагы айырмачылыктар жана өз ара катнашы жөнүндө терең маалымат берүү; - Саясат философиясына мүнөздүү тексттерди окуу, анализдөө, баалоо салыштыруу жана жыйынтыктоо; -Студенттердин аналитикалык жана жаратуучулук жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү жана аларда критикалык ойломду калыптандыруу.