Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGZ-103 КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ I KIRGIZ DILI VE EDEBIYATI I 1 0 + 2 1 2
Жетишилчү жыйынтыктар
1 Кыргыз тилинде сабаттуу жазууга, окуганын, укканын, өз ой-пикирин, көз карашын эркин сүйлөй билүүгө үйрөнөт. Иш кагаздарын туура жазганга машыгат. Кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн, анын өзгөчөлүктөрүн, орфоэпиялык, орфографиялык нормаларын, грамматикалык түзүмүн өздөштүрөт. Сүйлөм курулуштарын орун тартиби боюнча түзө билип, тыныш белгилеринин коюлуш эрежелерин үйрөнөт. Сөздөрдүн лексико-семантикалык маанисин талдап, сүйлөм ичинде синоним, антоним жана омонимдерди натыйжалуу пайдаланганды үйрөнөт. Жеке жана көп маанилүү, төл жана бөтөн сөздөрдү ажырата билүүгө көнүгөт. Тил, адабиятка жана адистигине тиешелүү сөздүктөрдү колдонгонго машыгат. Сөз байлыгын өстүрөт. Көчмөн турмуштун адабиятка тийгизген таасирин түшүнүп, оозеки чыгармачылыктын түрлөрү менен таанышат. Муундан-муунга келип жеткен айтым сөздөр, макал-лакаптар, ыр түрмөктөрү, майда аңгемелер, жөө жомоктор жана эпикалык чыгармалардын терең мааниге ээ идеялык мазмунун ачып берүүнү өздөштүрөт. Байыркы жазма эстеликтер менен кийинки доордогу кыргыз жазма адабиятынын ээлеген ордун, ошол мезгилден калган баалуу адабий мурастардын маани-маңызын өз алдынча талдаганга үйрөнөт. Ошол мезгилде жашаган калемгерлердин өмүрү жана чыгармачылыгы менен таанышат. Үлгүгө тартарлык өрнөктүү адабий тексттерди окуп, терең түшүнүүгө жана аудио китептер менен иштөөгө көнүгөт.