Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGZ-104 КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ II KIRGIZ DİLİ VE EDEBİYATI II 2 0 + 2 1 2
Жетишилчү жыйынтыктар
1 Мамлекеттик тилдин мүмкүнчүлүктөрүн турмуш-тиричилик, кесиптик чөйрөдө, ар кандай жагдайларда оозеки, жазуу түрүндө кеңири колдоно билүүгө үйрөнөт. Стилдин бардык түрлөрүнө мүнөздүү болгон тилдик каражаттарды бири-биринен айырмалоого, текстти талдоого, кайра түзүүгө, редакциялоого машыгат. Расмий жана бейрасмий иш кагаздарын так ажырата билип, аларды керектүү учурда сабаттуу жазганга көнүгөт. Илимий эмгектер менен иштегенди, цитаталарды натыйжалуу пайдаланганды, керектүү тексттерди конспектилөөнү үйрөнөт. Адистикке байланышкан терминдердин түпкү маанисин түшүнүп, аларды орду менен колдонгонго көнүгөт. Кыргыз тилдин фонетикалык-лексикалык табиятын, грамматикалык, стилдик касиетин, коомдук чөйрөдө колдонмо өзгөчөлүктөрүн, башка тилдерден болгон айырмачылыгын, которулуш бирдиктерин, эл аралык байланыштагы эквиваленттери менен салыштырып айырмалоо белгилерин, кесиптик лексикалык курамын толук өздөштүрөт. Көркөм чыгармаларды, коомдук саясий темадагы гезиттик материалдарды, кабарларды окуп талкуулоо, телерадио берүүлөрдөн актуалдуу маселерди угуп, ал боюнча өз пикирин туура айтып, кагазга сабаттуу түшүргөндү үйрөнөт. Иш кагаздарын сабаттуу жазууга машыгат. Сөз байлыгын өстүрөт.