Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGZ-103 КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ I KIRGIZ DİLİ VE EDEBİYATI I 1 0 + 2 1 2
Жетишилчү жыйынтыктар
1 Кыргыз тилинде сабаттуу жазууга, окуганын, укканын, өз ой-пикирин, көз карашын эркин сүйлөй билүүгө үйрөнөт. Иш кагаздарын туура жазганга машыгат. Кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн, анын өзгөчөлүктөрүн, орфоэпиялык, орфографиялык нормаларын, грамматикалык түзүмүн өздөштүрөт. Сүйлөм курулуштарын орун тартиби боюнча түзө билип, тыныш белгилеринин коюлуш эрежелерин үйрөнөт. Сөздөрдүн лексико-семантикалык маанисин талдап, сүйлөм ичинде синоним, антоним жана омонимдерди натыйжалуу пайдаланганды үйрөнөт. Жеке жана көп маанилүү, төл жана бөтөн сөздөрдү ажырата билүүгө көнүгөт. Тил, адабиятка жана адистигине тиешелүү сөздүктөрдү колдонгонго машыгат. Сөз байлыгын өстүрөт. Уңгу менен мүчөнүн аткарган кызматын ажырата билип, жөнөкөй жана татаал сөздөрдү туура жазганга үйрөнөт. Сөз түркүмдөрү жөнүндө маалымат алып, текст жазган учурда сөз айкаштыры менен сүйлөмдөрдү туура жана натыйжалуу колдонууга машыгат. Фразеологиялык айкаштардын, макал-лакаптардын, учкул сөздөрдүн маанилерин чечмелеп, аларды күндөлүк жашоосунда орду менен пайдаланууга көнүгөт.