Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGZ-203 КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ III KIRGIZ DILI VE EDEBIYATI III 3 0 + 2 1 2
Жетишилчү жыйынтыктар
1 Көчмөн турмуштун адабиятка тийгизген таасирин түшүнүп, оозеки чыгармачылыктын түрлөрү менен таанышат. Муундан-муунга келип жеткен айтым сөздөр, макал-лакаптар, ыр түрмөктөрү, майда аңгемелер, жөө жомоктор жана эпикалык чыгармалардын терең мааниге ээ идеялык мазмунун ачып берүүнү өздөштүрөт. Байыркы жазма эстеликтер менен кийинки доордогу кыргыз жазма адабиятынын ээлеген ордун, ошол мезгилден калган баалуу адабий мурастардын маани-маңызын өз алдынча талдаганга үйрөнөт. Ошол мезгилде жашаган калемгерлердин өмүрү жана чыгармачылыгы менен таанышат. Үлгүгө тартарлык өрнөктүү адабий тексттерди окуп, терең түшүнүүгө жана аудио китептер менен иштөөгө көнүгөт. Кыргыз профессионал жазма адабиятынын жаралышы, калыптанышы жана өнүгүшү жөнүндө кабардар кылуу. Ошол мезгилде адабиятка келген калемгерлердин өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу. Үлгүгө тартарлык адабий мурастарды окуп, терең түшүнүүгө жана аудио китептер менен иштөөгө көнүктүрүү. Көркөм чыгарманын табиятын, жанрдык касиетин, мазмундук жана формалык түзүлүшүн үйрөтүү. Кыргыз адабиятынын табиятын өз алдынча түшүнүп, аны азыркы дүйнөлүк адабий табылгалар менен салыштырып баалаганга машыктыруу.