Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGS-203 КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ III KIRGIZ DİLİ VE EDEBİYATI III 3 0 + 2 1 2
Жетишилчү жыйынтыктар
1 Уңгу менен мүчөнүн аткарган кызматын ажырата билип, жөнөкөй жана татаал сөздөрдү туура жазганга үйрөтүү. Сөз түркүмдөрү жөнүндө маалымат алып, текст жазган учурда сөз айкаштыры менен сүйлөмдөрдү туура жана натыйжалуу колдонууга машыгат. Фразеологиялык айкаштардын, макал-лакаптардын, учкул сөздөрдүн маанилерин чечмелеп, аларды күндөлүк жашоосунда орду менен пайдаланууга көнүгөт. Иш кагаздарын сабаттуу жазууга үйрөнөт. Сөз байлыгын өстүрөт. Кыргыз профессионал жазма адабиятынын жаралышы, калыптанышы жана өнүгүшү жөнүндө кабардар болот. Ошол мезгилде адабиятка келген калемгерлердин өмүрү жана чыгармачылыгы менен таанышат. Үлгүгө тартарлык адабий мурастарды окуп, терең түшүнүүгө жана аудио китептер менен иштөөгө көнүгөт. Көркөм чыгарманын табиятын, жанрдык касиетин, мазмундук жана формалык түзүлүшүн үйрөнөт. Кыргыз адабиятынын табиятын өз алдынча түшүнүп, аны азыркы дүйнөлүк адабий табылгалар менен салыштырып баалаганга машыгат.