Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
EDF-202 ДҮЙНӨЛҮК ЖАНА ТҮРК ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАРЫ DÜNYA VE TÜRK UYGARLIKLARI 4 2 + 0 0 2
Жетишилчү жыйынтыктар
1 Дүйнө жана Түрк цивилизациясы предметин окуу менен студенттер тарыхый өңүттөн маданияттын өнүгүүсү жөнүндө терең маалыматка ээ болуу менен биргеликте, маданий революциялар, ааламдашуу шартындагы популярдуу культура, улуттук баалуулуктар жана башка орчундуу маселелер жөнүндө да маалыматка ээ болушат. Ошондой эле студенттерди түркүн түстүү маданий кубулуштарды илимий жана философиялык өңүттөн анализ жасап изгилик менен изденүүгө кызыктырат. Студенттерге Түрк цивилизациясынын түпкү тамырын, өркүндөп өскөн учурларын, кайрадан жаралышын жана келечегин түшүндүрүү. Шумер цивилизациясынан баштап, Скиф, Гунндар доорун окуп, Улуу Түрк Каганатын түзгөн байыркы Кыргыз, Уйгур, Көк-Түрк мамлекеттеринин укуктук негиздерин, жалпы маданиятын, руний жазууларын тарых беттеринен кайрадан карап чыгуу. Ошолордун негизинде Түрк цивилизациясынын илимий түркүктөрүн изилдөө. Азыркы илим менен билимге таянып Түрк мамлекеттеринин келечегине кенен жол ачууга үйрөнүү.