Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
FLS-305 КЫРГЫЗ ОЙЛОМ ТАРЫХЫ-I KIRGIZ DÜŞÜNCE TARİHİ-I 5 2 + 0 2 2
Жетишилчү жыйынтыктар
1 Курсту өздөштүрүү менен студенттер тарыхый-логикалык өңүттөн кыргыз философиясынын эволюциялык маңызындагы диалектикалык, онтологиялык жана гносиеологиялык, эпистемологиялык баалулуктар тууралуу зарыл маалыматтарга ээ болушат. Ошондой эле кыргыз ой маданиятындагы этикалык, эстетикалык жана антропологиялык, гуманистик дөөлөттөр жөнүндө илимий түшүнүктөрдү өздөштүрүшөт. Студенттер бул сабакты окугандан кийин алган билимдерин философиялык-методологиялык ишмердиктеринде колдоно алышат.