1 |
Гуманитардык факультеттин Психологиялык- педагогикалык кеңеш-көмөк бөлүмүнүн студенттери инсан психологиясы, жекече психологиялык өзгөчөлүктөр, личносттун жашоосундагы өзгөрүүлөрдүн алардын өнүгүүсүнө таасири, ж.б. тууралуу маалыматтарды билип, буларды өз жашоосунда, кесибинде колдонушат.
Окуучулардын үйрөнүү өзгөчөлүктөрүнүн түрдүү экенин, өзүнө ишенимдин маанисин, ийгилик жана личносттук өсүү арасында байланышты үйрөнүшөт.
Бул сабакта студенттер окуучулардын, группалардын жана чөйрөнүн таасири, мектеп жана чөйрөсү, мектеп- үй бүлө байланышы, мектептеги мамиле, окуучунун үйрөнүү өзгөчөлүгү, болочок мектеп психологдорунун иштөө багыты тууралуу маалымат берилет, психологиялык кеңеш кантип жүргүзүлөөрү, этаптары үйрөтүлөт.
Студенттер балдардын мектептеги жана мектеп тышындагы жүрүш-туруштары, мүнөзү, алардын психологиялык, социалдык, же патологиялык жактан өзгөрүүсүн изилдей алат.
Балдардын жана чоңдордун жекече өзгөчөлүктөрү, керектөөлөрү, кызыгуулары, каалоолору, ишке мотивациясы, көңүл буруусу, жөндөмү, байланыш кура алуусу, группанын ичинде жүрүш-турушу, өзүнө ишеними, дос чөйрөсүнүн анын өнүгүүсүнө таасири да изилденет.
Өз кесибинде бул алган билимин колдонууну биле алышат.
|