Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
BIL-100 ИНФОРМАТИКА ENFORMATİK 2 0 + 0 2 3
Курстун планы
Апта Темасы
1. Апта Компьютер тууралуу негизги маалымат. Компьютерлердин өнүгүү тарыхы, негизги түшүнүктөр, эсептөө системалары
2. Апта Компьютер түзүлүшү, аспаптары жана алардын колдонулушу. Програмдык жабдыктар.
3. Апта Иштетүү системалары. Иштөө столу, терезелердин түзүлүшү.
4. Апта Файл жана папкалар тууралуу негизги түшүнүктөр. Жөнөкөй текст редакторлору.
5. Апта Негизги меню (Start), маселелер тактасы, Windows Explorer программасы
6. Апта Компьютердин касиеттерин башкаруу (Control Panel), Программаларды компьютерге орнотуу жана өчүрүү. Аспаптарды башкаруу.
7. Апта Текст редакторлору. Текст редакторунун түзүлүшү, менюлар, аспаптар тактасы, документ түзүү жана сактоо, текстти форматтоо. Сөз, сүйлөм ж.б. текстти копиялоо, жылдыруу.
8. Апта Документке сүрөт, дата, барак номери сыяктуу автоматтык түрдө коюлуучу жана жаңылануучу объекттерди кошуу. Түрдүү документ көрсөтүү режимдерде иштөө. Стильдерди колдонуу. Таблицалар менен иштөө. Аралык сыноо
9. Апта Түрдүү объекттер менен иштөө, документтер жана файлдар арасында байланыштарды түзүү, макросторду колдонуу, кагазга басып чыгаруу жана башка колдонуучуларга жөнөтүү.
10. Апта Электрондук таблицалар менен иштөө. Жаңы иштөө барагын түзүү, уячаларга кайрылуу жана маалымат киргизүү. Маалыматты копиялоо, жылдыруу көбөйтүү. Формула сабы. Көп барактарды колдонуп иштөө.
11. Апта Жаңы сап жана мамыча кошуу, формулаларды колдонуу (арифметикалык эсептөөлөрдү ишке ашыруу). Автоматтык түрдө сумма табуу. Формулаларды көбөйтүү (копиялоо). Таблицаларды форматтоо.
12. Апта Берилиштерди сорттоо жана фильтрлөө. Макросторду колдонуу. Диаграммаларды түзүү жана колдонуу. Иштөө барагын кагазга басууга даярдоо.
13. Апта Электрондук сунум даярдоо программалары. Сунум (презентация) түзүү жана сактоо. Слайдда объекттер менен иштөө. Түстөрдү башкаруу. Сүрөт, диаграмма ж.б. объекттерди кошуу.
14. Апта Объекттердин кыймыл аракетин уюштуруу. Сунум өткөрүү жана кагазга басуу.
15. Апта Компьютер тармактары жана Интернет. Компьютер тармактарын уюштуруу, колдонулуучу аспаптар.
16. Апта Интернет технологияларына кириш. Маалымат булактарын издөө. Электрондук кат алмашуу.