Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGZ-103 КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ I KIRGIZ DILI VE EDEBIYATI I 1 0 + 2 1 2
Курстун планы
Апта Темасы
1. Апта Киришүү. Курстун негизги максаты жана милдеттери. Жазуу жана анын түрлөрү. Кыргыз эли колдонгон жазуулар (алфавиттер). Фонетика. Үндүү жана үнсүз тыбыштардын бөлүнүшү. Үндүүлөрдүн үндөштүк мыйзамы.
2. Апта Көчмөн цивилизациясы. Элдик оозеки чыгармачылык. Фольклор менен профессионал жазма адабияттын айырмачылыгы (Жалпы обзор). Касым Тыныстановдун өмүрү жана чыгармачылык жолу.
3. Апта Орфография. Кээ бир тамгаларды, баш тамгаларды, уңгу сөздөрдү, татаал сөздөрдү, дефисти жазуу эрежелери (Адистик тексттердин мисалында). Көркөм чыгарма. Ч.Айтматовдун «Эрте келген турналар» повести (аудио материал, текст жана көнүгүүлөр менен иштөө).
4. Апта Орто кылымдагы орток адабий мурастар жана алардын жаратуучулары: Ж.Баласагын, М.Кашкари. Ырчылык өнөр жана анын өкүлдөрү: Жеңижок, Барпы. Жазгыч акындар: М.Кылыч, М.Нияз (Жалпы обзор).
4. Апта Орто кылымдагы орток адабий мурастар жана алардын жаратуучулары: Ж.Баласагын, М.Кашкари. Ырчылык өнөр жана анын өкүлдөрү: Жеңижок, Барпы. Жазгыч акындар: М.Кылыч, М.Нияз (Жалпы обзор).
5. Апта Иш кагаздары жөнүндө түшүнүк. Өмүр баян. Таржымал. Лексикология. Синоним, антоним жана омонимдер.
6. Апта «Улут болсом – тилим менен улутмун». Эсенгул Ибраевдин өмүрү жана чыгармачылык жолу. Лексикология. Эскирген сөздөр: историзм жана архаизмдер.
7. Апта Лексикография. Сөздүк жана алардын түрлөрү. Сөздүктөрдү натыйжалуу колдонуунун ыкмалары. Көркөм чыгарма. Ч.Айтматовдун «Эрте келген турналар» повести (аудио материал, текст жана көнүгүүлөр менен иштөө).
8. Апта Ара сынак
9. Апта Пунктуация. Тыныш белгисинин коюлушу жөнүндөгү негизги эрежелер: Суроо белгиси, илеп белгиси, көп чекит, үтүр, үтүрлүү чекит, кош чекит, сызыкча, кашаа, тырмакча, ж.б.
10. Апта 1920-30-жылдырдагы кыргыз адабияты. Улуттук боштондук кыймылынын кыргыз адабиятында көркөм чагылдырылышы. Мукай Элебаевдин өмүрү жана чыгармачылык жолу.
11. Апта Иш кагаздары: Мүнөздөмө. Арыз. Лексикология: Кесиптик лексика жана неологизмдер (Адистик тексттердин мисалында).
12. Апта Көркөм чыгарма. Мукай Элебаевдин «Узак жол» романы (аудио материал, текст жана көнүгүүлөр менен иштөө).
13. Апта Лексикология. Жеке жана көп маанилүү сөздөр. Төл жана бөтөн сөздөр. Троп жана анын түрлөрү.
14. Апта «Сен таза болсоӊ, мен таза болсом, коом да таза болот». Улуттук лидер жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун өмүр жолу. Күндөлүгү жана учкул сөздөрү. Сүйлөшүү маданияты.
15. Апта Адабият таануу илими: адабият теориясы, адабияттын тарыхы жана адабий сын жөнүндө түшүнүк. Көркөм чыгарма. Мукай Элебаевдин «Узак жол» романы (аудио материал, тест жана көнүгүүлөр менен иштөө).
1. Апта Мара сынак