Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
FLS-106 ЗАМАНБАП ТАБИЯТ ТААНУУ ИЛИМДЕРИНИН КОНЦЕПЦИЯСЫ ÇAĞDAŞ FEN BİLİMLERİ KAVRAMLARI 2 2 + 0 2 3
Курстун планы
Апта Темасы
1. Апта Модерн жана модерн илим деген эмне? Модерн, модерндүүлүүк жана модернизм түшүнүктөрү жөнүндө маалымат берилет. Модерн доордун пайда болуусуна шарт түзгөн негизги факторлор каралат. Адабияттар: Ronan, 301-309.
2. Апта Реннесанс доору. Эмне үчүн Реннесанс Тосканада жана Падуада башталды? Адабияттар: Ronan, 301-309.
3. Апта Реннесанс: рационализм жана илим. Илимий жаңы методдор. Адабияттар: Ronan, 310-371; Capra, 15-49.
4. Апта Илимий төӊкөрүштөр. Кун тарабынан талкууга алынган парадигма түшүнүгү жана илимий теориялар жөнүндө жалпы маалымат берилет. Адабияттар: Kuhn.
5. Апта Механика доору. Батыштагы буу машиналары, басмакана жана башка жаңы техникалардын пайда болушу каралат. Адабияттар: Capra, 109-133; Bunch.
6. Апта Гелиоцентризм жана тартылуу күчү закону. Н. Коперник, Т. Браге, И. Кеплер жана Г. Галилейдин астрономиялык изилдөөлөрү, И. Ньютондун үч закону жөнүндө жалпы маалымат берилет. Адабияттар: Ronan, 373-411; Capra, 53-77.
7. Апта Астрономия илими. Астрономиялык изилдөөлөр жана өнүгүүлөр, адам баласынын жашоосундагы ору каралат. Адабияттар: Ronan, 373-411; Capra, 409-441; Горелов, 56-75; макалалар жана интернет баракчалары.
8. Апта Ара сынак
9. Апта Физика: оптика, жылуулук жана электр. 17-18-кылымдардагы физикалык изилдөөлөргө жана физика илиминдеги өнүгүүлөргө орун берилет. Адабияттар: Ronan, 417-427.
10. Апта Физика: жарык, атомдук физика жана релятивизм. М. Фарадей, Дж. Максвелл, А. Эйнштейн сыяктуу физикчилердин физика илимине кошкон салымдары жөнүндө маалымат берилет. Адабияттар: Ronan, 495-523, 548-576; Capra.
11. Апта Химия. химиялык тажрыйбалар, изилдөөлөр, илимий ачылыштар, Менделеев таблицасы. Негизги химиялык закондор, теориялар, химия илиминин коомдогу орду каралат. Адабияттар: Ronan 427-434.
12. Апта Биология жана медицина. 17-18 кылымдардагы микроскопиялык изилдөөлөр, өсүмдүктөр жана айбанаттардын классификациясы, анатомия Адабияттар: Ronan, 437-464; Capra, 135-182.
13. Апта Биология илими жана концепциялар. Менделизм, дарвинизм, биохимия, шартту рефлекс жана Павлов, биохимия, молекулярдык биология. Адабияттар: Ronan, 534-548; Capra, 135-182; Горелов, 128-139.
14. Апта Медицина илими. Заманбап медициналык өнүгүүлөр. Адабияттар: Ronan, Capra, макалалар жана интернет баракчалары.
15. Апта Математика жана техника. Математика жана техникадагы жетишкендиктер, технологиялык доор. Адабияттар: Ronan, 356-361, 411-415, 528-532; Bunch, интернет баракчалары.
16. Апта Жыйынтыктоочу сынак