Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGZ-103 КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ I KIRGIZ DİLİ VE EDEBİYATI I 1 0 + 2 1 2
Курстун планы
Апта Темасы
1. Апта Киришүү. Курстун негизги максаты жана милдеттери. Жазуу жана анын түрлөрү. Кыргыз эли колдонгон жазуулар (алфавиттер).
2. Апта Фонетика. Үндүү жана үнсүз тыбыштардын бөлүнүшү. Үндүүлөрдүн үндөштүк мыйзамы.
3. Апта Орфография. Кээ бир тамгаларды, баш тамгаларды, уңгу сөздөрдү, татаал сөздөрдү, дефисти жазуу эрежелери ж.б. (Адистик тексттердин мисалында).
4. Апта Иш кагаздары жөнүндө түшүнүк. Өмүр баян. Таржымал. Лексикология. Синоним, антоним жана омонимдер.
5. Апта Лексикография. Сөздүк жана алардын түрлөрү. Сөздүктөрдү натыйжалуу колдонуунун ыкмалары.
6. Апта Пунктуация. Тыныш белгисинин коюлушу жөнүндөгү негизги эрежелер: Суроо белгиси, илеп белгиси, көп чекит, үтүр, үтүрлүү чекит, кош чекит, сызыкча, кашаа, тырмакча, ж.б.
7. Апта Иш кагаздары: Мүнөздөмө. Арыз. Лексикология: Кесиптик лексика жана неологизмдер (Адистик тексттердин мисалында).
8. Апта Ара сынак
9. Апта Лексикология. Жеке жана көп маанилүү сөздөр. Төл жана бөтөн сөздөр. Троп жана анын түрлөрү.
10. Апта Морфология. Уӊгу, мүчө. Жөнөкөй жана татаал сөздөр (Адистик тексттердин мисалында).
11. Апта Сөз түркүмдөрү. (Адистик тексттердин мисалында).
12. Апта Иш кагаздары: Түшүнүк кат. Өтүнүч кат.
13. Апта Cинтаксис. Сөз айкашы жана анын түрлөрү. (Адистик тексттердин мисалында). Фразеологизмдер.
14. Апта Иш кагаздары: Ишеним кат. Тил кат.
15. Апта Синтаксис. Сүйлөм жана анын түрлөрү. Пунктуация. (Адистик тексттердин мисалында).
16. Апта Мара сынак