Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
MAT-115 МАТЕМАТИКА MATEMATİK 1 2 + 2 3 3
Курстун планы
Апта Темасы
1. Апта Көптүк түшүнүгү. Көптүктүн жазылышы жана анын берилиш жолдору. Көптүктөрдүн үстүнөн жүргүзүлгөн амалдар. Эйлер-Вейндин диаграммасы.
2. Апта Комбинаториканын элементтери. Көптүктүн элементтерин жайгаштыруу, орун алмаштыруу жана топтоштуруу.
3. Апта Айтылыш түшүнүгү. Жөнөкөй жана татаал айтылыштар. Айтылыштардын үстүнөн жүргүзүлгөн логикалык операциялар. Айтылыштардын гуманитардык багытагы илимдерде колдонулуштары.
4. Апта Матрица. Экинчи жана үчүнчү тартиптеги аныктагычтар. Жөнөкөй сызыктуу тендемелер системасы жана аны чыгаруунун методдору.
5. Апта Геометриялык маселелер. Сан огунда жана тегиздикте чекиттердин ортосундагы аралыкты эсептөө формулалары.
6. Апта Тегиздиктеги бурчтук коэффициенти белгилүү бир чекит жана эки чекит аркылуу өтүүчү түз сызыктын тендемелерин түзүү.
7. Апта Элементардык функциялардын маанилерин эсептөөчү жөнөкөй алгоритимдер.
8. Апта Функциянын туундусу жана анын касиеттери. Информациянын таралышынын ылдамдыгын эсептөө маселеси.
9. Апта Жогорку тартиптеги туундулар. Гуманитардык информациялардын процесстердин ылдамдануусун эсептөө.
10. Апта Интеграл түшүнүгү, анын касиеттери. Элементардык функциялардын интегралдарын табуу.
11. Апта Журналдардын, китептердин беттеги информациясынын аянтын жана көлөмүн эсептөө.
12. Апта Ыктымалдуулуктун классикалык аныктамасы. Ыктымалдуулуктун тармактуулугу.
13. Апта Ыктымалдуулуктарды көбөйтүү жана кошуу.
14. Апта Статистиканын негизги түшүнүктөрү. Орточо чоңдуктар.
15. Апта Дисперция. Стандарттык четтөө.
16. Апта Ыктымалдуулук теориясы жана статистиканын элементтеринин гуманитардык багыттагы илимдерде колдонулуштары.