Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
RDE-405 ЧЫГЫШ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ DOĞU EDEBİYATI TARİHİ 7 3 + 0 3 5
Курстун планы
Апта Темасы
1. Апта Байыркы Месопотамия адабияты: шумер мифтеринин мазмуну, «Сказание о Гильгамеше» поэмасынын калыптануу тарыхы жана идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүгү.
2. Апта Байыркы Египет адабияты: миф, гимн, насааттарда өлүмдөн кийинки турмушка ишенимдин чагылдырылышы, сүйүү жана философиялык лириканын өзгөчүлүгү.
3. Апта Байыркы Индия адабияты: Ведалардын көп функцияналдыгы, «Махабхарата» жана «Рамаянанын» түзүлүшү жана негизги мазмуну, жомок жана тамсилдердин «Панчатантра» жыйнагынын тарыхы.
4. Апта Байыркы Кытай адабияты: «И-Цзиндин» философиялык мазмуну жана өзгөчүлүгү; «Ши-Цзиндин» түзүлүшү, жанрдык к.урамы, тематикалык түрдүлүгү жана поэтикалык өзгөчүлүгү.
5. Апта Кытай орто кылымдарынын классикалык поэзиясы: Ли Бо жана Ду Фунун ырларынын тематикасы жана поэтикасы.
6. Апта Чыгыш Ренессанстын позиясы: Рудаки, Фирдоуси, Руми, Саади, Хафиз, Низами, Омар Хайамдын поэзиясындагы гуманистик идеялар.
7. Апта XVII кылымдын япон поэзиясы. Танка жана хокку жанрларынын калыптануусу. Басёнун поэзиясынын өзгөчөлүгү.
8. Апта Арасынак
9. Апта Борбордук Азия элдеринин эпосу. Кыргыздардын «Манас» эпосунун тарыхый негизи жана көркөм өзгөчөлүктөрү.
10. Апта Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» китебинин негизги идеялары. Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин жыйыны» китебинин мааниси.
11. Апта Борбордук Азия элдеринин адабияты. Махтумкули, Абай, Айни чыгармаларындагы жаңы темалар.
12. Апта Индия адабияты. Р.Тагордун поэзия жана аңгемелериндеги индиялык коомдун турмушунун чагылдырылышы.
13. Апта Кытай адабияты. Лу Синь – кытай реализмдин негиздөөчүсү. Лао Шенин «Записки о кошачьем городе» романындагы Кытайдын көркөм тарыхы.
14. Апта Япония адабияты. Р.Акутагава, К.Абэ, Я.Кавабата, Х.Муракаминин чыгармаларын дүйнөлүк таанып билүүсү.
15. Апта ХХ кылымдын түрк тилдүү адабияты. Ч.Айтматов, О.Памуктун чыгармаларындагы заманбап дүйнөнүн көйгөйлөрүнүн чагылдырылышы.
16. Апта Финал сынагы