Бөлүмдүн максаты:

Биология багытында эл аралык деңгээлде билимге жана көндүмдөргө ээ, заманбап технологияларды колдоно билген, жогорку квалификациялуу, профессионалдык жактан компетенттүү биолог адистерин (бакалавр, магистр) даярдоо.
Фундаменталдык биологияга таянган экология, ген технологиясы, клетка жана ткандын биологиясы ж.б. багыттарда илим изилдөөлөрдү жүргүзүү менен илим чөйрөсүн жана коомчулукту кызыктырган маселелерди чечүүдө салым кошуу.

Бөлүмдүн маселелери

  • Студенттерге биология багытында бакалаврдык жана магистрдик билим берүү программаларын сунуу;
  • Университетибиздин башка факультетттерине жана жогорку окуу мектептерине “жалпы биология”, “зоология”, “ботаника” ж.б. сервис сабактарын берүү;
  • Биология илимдери боюнча улуттук жана эл аралык илимий-изилдөө долбоорлорун иштеп чыгуу, эл аралык илимий-изилдөө долбоорлоруна катышуу, өнөктөш катары иштөө;
  • Биология, экология илимий багыттарында илимий семинарларды, конференцияларды жана конгресстерди уюштуруу;
  • Кыргыз жана түрк  тилдеринде окуу китептерин, куралдарын иштеп чыгуу, даярдоо жана басмадан чыгаруу;
  • Башка билим берүү мекемелер менен кызматташуу жана биргелешип иштөө;
  • Учурдун талабына ылайык, компетенттүү, бакалавр жана магистр академиялык даражаларына ээ болгон сапаттуу биолог адистерин даярдоо;
  • Фундаменталдык биологияга таянган экология, ген технологиясы, клетка жана ткан биологиясы ж.б. багыттарда изилдөөлөрдү жүргүзүү менен илим чөйрөсүн жана коомчулукту кызыктырган көйгөйлөрдү чечүүдө салым кошуу;
  • Университет менен өндүрүштүн, университет менен бүтүрүүчүлөдүн ортосунда кызматташуу;
  • Жаш изилдөөчүлөргө жана академиялык кызматкерлерге колдоо көрсөтүү жана изилдөөлөрдү жүргүзүүдө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү.