Аркага
26 Апрель 2019

Инженердик факультетинин Карьера Күнү өткөрүлдү


26 апрель 2019 күнү университетибиздин Инженердик факультети тарабынан “Карьера күнү” өткөрүлдү.

Иш чарага Кумтөр Голд компани, Чайна-Петроль компани Джунда, Кыргыз Алтын, Кант Цемент-Щифер (ТШП) заводу жана башка ушул сыяктуу жыйырмага жакын мекеме катышты. Анда ректорубуз проф. Себахаттин Балжы: окуу, илим изилдөө жана коомго кызмат кылуу – университетибиздин негизги максаты экенин белгилеп кетти. Бул багытты өнүктүрүүдө университетте технопарктын болушу негизги шарттардын бири экени айтылды. Мындай пикирди иш берүүчү компаниялар дагы колдошуп, бул маселе негизги орчундуу маселе экенин белгилешти. Бул багытта чогуу иш алып барууга жана жардам көрсөтүүгө даяр экенин Stewart Essay and Environmental Laboratories жетекчиси Садыров О. баса белгиледи. Ал эми техно паркты ачуу үчүн эң биринчи көйгөй – тиешелүү мыйзамдын 5 жылдан бери Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынбай жатканы белгилүү болду.

Иш чаранын экинчи бөлүмүндө маалымат технологиялар багытында иштеген TimelySoft, ZenSoft, Irokez, Arniro аттуу компаниялар катышып, өздөрү тууралуу окуучуларга айтып беришти. Аталган компаниялар сапаттуу кадрларга муктаж болуп, жумушка жана стажировкага алуу максатында жалпы 20 жакын окуучу/бүтүрүүчү издеп, компьютер инженерия бөлүмүнүн окуучулары менен түздөн-түз сүйлөшүп, жумушка чакырып кетишти.