БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮБҮЗ

2015-2016 - окуу жылында "Финансы жана кредит" бөлүмүн алгачкы 13 студент бүтүргөн. "Финансы жана кредит" бөлүмүн 2016-2017 - окуу жылында 24, 2017-2018 - окуу жылында 16 студент бүтүргөн. Алардын арасынан артыкчылык диплому төмөндөгү студенттерге ыйгарылган: Асель Аскарбек кызы, Ажар Азизбек кызы, Мээрим Асанбекова, Сырга Жапарбекова, Азизбек Амадалиев, Нурайым Чолпонбаева, Сузана Бектурсун кызы, Сайрагүл Ташиева, Беназир Досматова, Азиза Узеке кызы, Нурсултан Бердиев, Айбек Турсунов, Аэлита Аликова, Айжамал Амантурова.  

Бүтүрүүчүлөрүбүз Baker Tilly, Mazars, Demirbank, DosKredo Bank, Optima Bank, Chang An Bank, РСК Банк, КРнын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Патент, Кыргызмунай сыяктуу белгилүү мекемелерде иштеп жатышат. Айрым бүтүрүүчүлөрүбүз Түркия, Норвегия, Латвия, Россиядагы университеттерде магистратура жана  докторантура программаларында билим алууда.