Финансы жана кредит бөлүмү 2012-жылы ачылган. Академиялык курамы Кыргызстандын жана Туркиянын финансы жана банк тармагындагы адис мугалимдерден түзүлөт. Сапаттуу билим берүү менен бирге илимий изилдөө иштери жасалат. Азыркы учурда бөлүмдө 1-4-курстун студенттери билим алууда. Бөлүмдүн студенттери «Мевлана» сыяктуу алмашуу программалары аркылуу Туркиянын университеттеринде белгилүү мөөнөт билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Финансы жана кредит бөлүмү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин кабыл алуу сынагында  эң жогорку упай алган абиттуриенттердин тандоосуна ээ болууда. Бул бөлүм Кыргызстан жана башка Орто Азиядагы Түрк тилдүү мамлекеттерде популярдуу бөлүм.