Аркага
10 Апрель 2019

Gıda Mühendisliği Bölümü Öğrencileri Kulikovskiy şirketinde teknik gezide


 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери 09/04/2019 күнү Кондитердик фабрика Куликовский ишканасына экскурцияга барышып, ишкананын өндүрүштүк жана административдик бөлүмдөрү менен жакындан таанышты. Бөлүмүбүздүн 4-курс студенттери GID-422 тамак-аш ишканаларын долбоорлоо сабагынын практикалык бөлүмү боюнча ишкананын генералдык планы, өндүрүштүк цехтердеги технологиялык линиялардын компоновкасы, негизги жана жардамчы имараттар, административдик корпус, ишканадагы транспорт агымдарынын иш алып баруусу сыяктуу маалыматтарды алышты.

 

Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesinin, Gıda Mühendisliği Bölümünün IV. sınıf Öğrencileri 09/04/2019 tarihinde Kulikovskiy Pasta Üreten şirketinde teknik geziyle bulunmuşlar. IV. sınıf öğrencileri GID-422 Gıda Mühendisliği Tasarımı Dersi boyunca fabrika genel planı, üretim hattılarını yerleştirme, fabrikadaki hazır ürün depoları, şirketin piyasadaki durumu hakkında bilgileri öğrenmişler.