Аркага
30 Сентябрь 2019

Суусамыр өрөөнүндө жургүзүлгөн дисциплиналар аралык археологиялык изилдөөлөр


25-сентябрьда Тарых бөлүмүндө 2019-жылдын август – сентябрь айларында Суусамыр өрөөнүндө жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары тууралуу ачык лекция уюштурулду. Лекцияга КТМУ Ректору Проф., Др. Себахаттин Балжы, Ректор жардамчысы Проф., Др. Анварбек Мокеев, Тарых бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери катышты.

Суусамырдагы археологиялык экспедиция Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жана Румыния улуттук Банат музейинин археологтору тарабынан жүргүзүлдү. Бул изилдөөлөр жакынкы 4 жылдын ичинде ишке ашырыла турган биргелешкен илимий долбоордун биринчи этабы болуп саналат. Долбоордун негизги илимий максаты: археологиялык жактан аз изилденген жана бийик тоолуу Суусамыр өрөөнүндө коло жана эрте темир доорлорунда жашаган тургундардын жашоо-турмушу жана маданияты тууралуу билим алуу жана өрөөн аркылуу өткөн байыркы соода жолдорун аныктоо. Бул максатка жетиш үчүн төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт: Суусамыр өрөөнүндөгү археологиялык эстеликтерди картага түшүрүү; байыркы кургандардын термалдык режимин мониторинг кылуу; археологиялык чалгындоо жүргүзүү; геофизикалык ыкмаларды колдонуу менен тарыхый-маданий эстеликтерди изилдөө; археологиялык казуу жүргүзүү. Изилдөө иштеринде дисциплиналар аралык илимий изилдөөлөрдө колдонулуучу аспаптар, тагыраак айтканда квадракоптер, магнотометр, электр каршылыгын өлчөй турган томография, GIS жана башка геоинформациялык технологиялар колдонулат.

Быйылкы изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Суусамыр өрөөнүнүн батыш тарабында жалпысынан 500гө жакын коло жана эрте темир доорлоруна таандык кургандар, ритуалдык коргончолор, орто кылым чептери жана петроглифтер табылып, картага түшүрүлдү. Алардын ичинен сактар мезгилине таандык 3 көрүстөндүн аймагында жалпысынан 16 гектар жер магнотометр менен өлчөндү. Бул изилдөөнүн жыйынтыгында сак уруу башчылары көмүлгөн көрүстөндөрдүн тегерек-четтеринде жер үстүндө көрүнбөгөн айрым ритуалдык курулуштардын болгондугу аныкталды.

КТМУ Ректору Проф., Др. Себахаттин Балжы лекциянын аягында сүйлөгөн сөзүндө Теңир-Тоодогу археологиялык жана тарыхый изилдөөлөргө университеттин өзгөчө көңүл буруп келгендигин белгилеп, Суусамырда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн быйылкы жыйынтыктарынын жалпы Түрк тарыхы үчүн баалуу экендигин айтты.