Аркага
4 Апрель 2020

Ата-энелер менен жолугушуу


Тарых бөлүмүнүн жалпы жамааты аталган адистикте билим алган студенттердин ата-энелери менен жолугушту. Жолугушууга бөлүм башчы, кураторлор жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү катышты. Жолугушуу ар жылы салт катары уюшулуп келет, ата-энелер менен тыгыз иш алып барып, жогорку билим берүүнүнүн сапатын жогорулатуу боюнча пикир алмашуулар болуп келет. Бул иш чарада ата-энелер менен таанышуу жана бөлүм жөнүндө маалымат берүү, бөлүм (кураторлор) менен байланышын бекемдөө жана маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу маселелери, ата-энелер менен иш алып баруунун жылдык планы менен тааныштыруу, ошондой эле ата-энелер  комитетин  шайлоо жана ар түрдүү маселелер каралды. Жыйынтыгында ата-энелер комитетинин төрагасы болуп, Бейшеев Акылбек, Талдыбаев Кубаныч жана Наркиева Сымбат шайланышты.