Теология бөлүмүнүн миссиясы - дин багытында жогорку деңгээлдеги билимге, ой жүгүртүү жана баалоо жөндөмүнө ээ болгон, изденген, топто жигердүү иштей алган, билимин жана тажрыйбасын башкалар менен бөлүшкөн, иштерман, руханий, адеп-ахлактык жана илимий баалуулуктарды сиңирген, өзүнө ишенген адистерди даярдоо.  Ушуну менен катар, Кыргызстандагы жана жалпы эле Түрк тектүү боордош мамлекеттердеги диний маселелерди чечүү үчүн тынчтыкка, биримдикке  жана өз ара кызматташтыкка таянган диний маданиятты түптөөгө салым кошуу болуп эсептелет. 

 

 

 

Диндерди таануу бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү төмөндөгү билим жана билгичтиктерге ээ болуулары күтүлөт:

• Жашаган жерин жана курчап турган дүйнөнү жакындан тааный алат;

• Учурдагы илимий жана технологиялык жетишкендиктерди натыйжалуу колдоно алат;

• Эне тилин, кесиптик тил болгон араб тилин, түрк калкы менен баарлашуу жана түрк тилдүү илимий эмгектерден пайдалануу үчүн түрк тилин, чөлкөмдө кеңири жайылган орус тилин жана дүйнө элдери менен баарлашуу үчүн англис тилин үйрөнүп чыгышат; 

• Бул чөлкөмдүн аалымдарынан калган илимий жана маданий мурастарды билген жана ал мурастардын негизинде жаңы илимий ачылыштарды жасай алган, дүйнө тынчтыгына салым кошо алган жаштар болуп тарбияланышат.

Бөлүмдө Араб тили, хадис жана фыкых сыяктуу негизги Ислам билимдери, дин таануу сабактары, Ислам тарыхы жана маданиятына байланыштуу сабактар окутулат. Бул бөлүмдү бүтүргөндөр Кыргызстандын Дин комиссиясы, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгында, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес билим берүү мекемелеринде дин адиси, теолог, мугалим болуп ишке орношо алышат. Түркиядан келген бүтүрүүчүлөр болсо, Түркиянын Билим берүү Министрлигине таандык мекемелерде Дин Маданияты жана Адеп сабагы мугалими, Имам Хатиб лицейлеринде адистик сабактар боюнча мугалим жана ошондой эле Түркиянын дин иштери боюнча башкармалыгына таандык мекемелерде имам, азанчы, муфтий же Куран курсунда мугалим болуп эмгектене алышат.