Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультети 2000-жылы Коомчулук менен байланыш жана Реклама, Радио,телевидение жана кино бөлүмдөрү менен билим эшигин ачкан. 2002-жылында болсо бул факультетте Журналистика бөлүмү ачылып билим бере баштаган. Журналистика бөлүмү алгачкы бүтүрүүчүлөрүн 2005-2006 окуу жылында чыгарган. 2016-2017 окуу жылына карата бөлүмдү жалпысынан 253 студент бүтүргөн. Бөлүмүбүздө 2017-2018 окуу жылына карата Кыргызстан, Түркия жана башка Түрк тилдүү мамлекеттерден жана кошуна өлкөлөрдөн келген 140 студент билим алууда.  

Бөлүмдү бүтүргөн студенттер алгач эле Кыргызстан менен Түркияда жана башка дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Коммуникация факультетинин атын таанытууда жана өз кесиптерин мыкты билген кесипкөй адис катары иштеп жатышат.  

Бөлүмүбүз ачылгандан бери Кыргызстан жана Түркиядан өз кесибин мыкты билген мугалимдер дайыма өнүккөн жана жаңыланган технологиялык инфраструктура менен Кыргызстан, Түркия, Түрк тилдүү мамлекеттерден жана кошуна өлкөлөрдөн келген студенттерге эл аралык стандарттарда билим берүүдө.