Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн студенттердин жумуш орун алкагы кеңири масштабды камтыйт.

Бөлүмдүн окуу программасы студенттерди гезит, журнал кабарчысы, гезит дизайнери жана редакторлук кызматта иштөөгө даярдайт. Муну менен катар фоточеберчилик дисциплинасынан фоточеберчиликтин сырларын мыкты өздөштүрө  алган студенттер бөлүмдү бүтүргөндөн кийин фотокорреспондент, архив кызматкери жана фоторедактор сыяктуу кызматтарды аркалай алышат. Тандоо курстары студенттерге менеджер, пиар-адиси, реклама адиси, радиожурналист, телекабарчы сыяктуу адистиктерди аркалоого да мүмкүнчүлүк түзөт. 

Мындан тышкары журналистика бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү менчик жана коомдук мекемелерде басма сөз кызматчысы, басма сөз кеңешчиси жана басма сөз өкүлү сыяктуу маанилүү позицияларды ээлей алышат. Коом менен байланыш жана реклама дүйнөсүндө, кино, телевидение, радио, гезит, журналдарда, ири ишканаларда, мамлекеттик мекемелерде жана мамлекеттик мекемелерде да бул бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Журналистика бөлүмүнүн студенттеринин кесиптик тажрыйбасын өнүктүрүп, калемин такшалтуусуна «Манас» студенттик практикалык гезити мүмкүнчүлүк жаратат. Студенттерибиз гезит материалдарын даярдоо этабынан баштап, басылып чыкканга чейинки бардык баскычтарын өздөрү басып өтүшөт. Бул студенттик практикалык «Манас» гезити 2009-жылы Кыргызстандын эң мыкты студенттик гезити сыйлыгына татыган. Мындан сырткары студенттерибизге кесиптик тажрыйбасын арттыруу үчүн Түркия жана Кыргызстандын маанилүү ММК уюмдарында практикадан өтүү мүмкүнчүлүгү берилет.

 

Бөлүмдүн студенттери тарабынан «Жаш журналисттер клубу» уюштурулган. Ал студенттерге бир командада иштеп, кесиптик тажрыйбаны арттыруунун очогу катары өз жемишин берүүдө.

Мындан башка студенттерибиздин кесиптик кызыкчылыктарын арттыруу жана жаңы тажрыйба топтоо үчүн Түркия, Кыргызстан, Орусия жана башка мамлекеттерден ушул тармакта таанылган журналисттер менен семинарлар уюштурулуп турат.

Ошол эле учурда студенттерибиздин жергиликтүү жана эл аралык фестивалдарга, семинарларга ж.б. долбоорлорго катышуусу университетибиздин жетекчилиги тарабынан колдоого алынат. Бул өз кезегинде студенттерибиздин кесиптик жактан өсүүсүнө зор мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.