РАДИО, ТЕЛЕВИДЕНИЕ ЖАНА КИНОИСКУССТВО БӨЛҮМҮ

Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн студенттери радио, телевидение жана кинематография тармактарында радиоберүүлөрдүн автору, продюсер, алып баруучу, журналист, редактор, режиссер, оператор, монтажер, сценарист, коюучу-режиссер, ошону менен катар реклама агенттиктеринде жана фирмалардын креативдик бөлүмдөрүндө  иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн студенттери бүгүнкү күнгө чейин кыска метраждуу, даректүү жана анимациялык фильмдерди тартууда бир катар ийгиликке жетишип, республикалык жана эл аралык кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга ээ болушту. Бөлүмдүн студенттери заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздалган радио жана телестудияларда программаларды даярдоого өздөрү түздөн-түз катышып, окуу процесси учурунда эле кесиптик тажрыйбага ээ боло алышат. Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмү бир катар эл аралык долбоорлорду ишке ашырып, социалдык роликтерди, Кыргызстан, Түркия жана түрк тилдүү мамлекеттердин тарыхын, маданиятын жана бүгүнкү күндөгү жашоо-турмушун чагылдырган кыска метраждуу, даректүү жана анимациялык фильмдерди тартып, коомго кызмат кылып келишет.