Орус тили жана адабияты кафедрасы университет ачылгандан бери өз ишин аркалап келет. Кафедрада мурунтан калыптанып калган иш-чаралар азыркы күнгө чейин уланууда. Орус тили окутуучулары  кафедрада ай сайын өтүлүп туруучу  метод-семинарларда  өз квалификациясын жогорулатууда. Кафедранын мугалимдери университеттин студенттери менен биргеликте «Манас – FM» радиосунда орун алган «Русское слово» радиоберүүсүнүн үстүндө Орус жана Кыргыз элдеринин маданиятын, каада-салттарын чагылдырган программалар үстүндө иштеген. (бардыгы 40 радиопрограмма иштелип, жазылган). Окутуучулар тарабынан үзгүлтүксүз даярдалып туруучу «Русское слово» дубал гезатасын университеттин башкы имаратынан окууга болот.