Бүтүрүүчүлөрдүн иш менен камсыз болуусу:

КТМУнун Синхрондук котормо бөлүмүн аяктагандар Кыргызстан жанаТүркия, ошондой эле башка өлкөлөрдөгү мамлекеттик жана жеке мекелелерде, билим берүү борборлорунда, орто жана жогорку окуу жайларында,  элчиликтерде, тил үйрөтүү борборлорунда, котормо бюролорунда, китепканаларда, басма сөз мекемелеринде, туристтик фирмаларда жумуш орундарын таба алышат.  Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, өзгөчө Азияда өз адистиктери боюнча иштеп жатышат. Азыр бүтүрүүчүлөрүбүздүн 80% иштеп жатышат, алардын ичинен 19% өз кесиби боюнча эмгектенүүдө.