СИНХРОНДУК КОТОРМО БӨЛҮМҮНҮН ТАРЫХЫ
Синхрондук котормо бөлүмү алгач 1997-1998- окуу жылында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдер жогорку мектебине караштуу ачылат. 1998-2012-жылдар арасында Чет тилдер жогорку мектебине караштуу болсо, 2012-2013-окуу жылынан баштап Гуманитардык факультеттин курамында билим берип келүүдө. Ал эми 2014-жылдын июнь айында Коомдук илимдер институтуна караштуу «Котормо жана котормо таануу» багытында магистирдик программасы ачылган.
Алгач 1998-2004-жылга чейин синхрондук котормо бөлүмүндө кыргызча-түркчө программасы гана ачылып, билим берип келсе, бөлүм кийинки жылдарда башка программалар менен толукталат. Кыргызча-түркчө программасынан кийин 2004-2005-окуу жылында түркчө-англисче программасы ачылса, 2005-2006-окуу жылында Кыргызча-англисче программмасы, ал эми 2006-2007-окуу жылында болсо Орусча-түркчө программасы ачылат. Бирок 2011-жылы Түркчө-англисче программасы жабылып калып, учурда Синхрондук котормо бөлүмү үч программада студенттерге билим берип келүүдө.
БӨЛҮМ БАШЧЫЛАРЫ:
1998-2003 – ага.окут. Мухиттин Гюмюш
2003-2007 - Проф. PhD. Режеп Сонгюн
2007-2010 – ф.и.к, доц. Салтанат Мамбаева
2010-2011 – ага. окут. Мевлют Этлик
2011-2012 – Д.м.а., PhD. Айхан Челикбай
2012 – 2014 - Д.м.а., PhD. Юсуф Авжы
2014 - 2016 - Проф., PhD. Экрем Арыкоглу
2016 - .......... Проф., PhD. Жейхун Ведат Уйгур
МАГИСТРДИК ПРОГРАММАНЫН АЧЫЛЫШЫ - Июнь, 2014