Аркага
24 Март 2020

TİY-112 Dünya Tiyatro Tarihi II / Dr. Öğr. Gör. Canış Kulmanbetov


PhD, ага окутуучу ЖАНЫШ КУЛМАМБЕТОВ 
 
 
“КЫРГЫЗ ТЕАТРЫНЫН ТАРЫХЫ” БОЮНЧА ЛЕКЦИЯЛАР 
31.03.2020.  
7.04.2020 
 
31-МАРТ, 2020-ЖЫЛ 
ЛЕКЦИЯНЫН ТЕМАСЫ: Жетимишинчи жылдардагы кыргызт еатрынын 
актердук искусствосу жана репертуары. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, 
Даркүл Күйүкова, Сыдыкбек Жаманов, Насыр Кытаев ж. б. улуу муундагы 
артситтердин чыгармачылыгы. Кыргыз мамлекеттик драма театры. Нарын 
музыкалуу драма театры. 
 
ЖЕТИМИШИНЧИ ЖЫЛДАРДАГЫ ТЕАТР 
Тоталитардык доордун өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан тартып 
жетимишинчи жылдардын ичи толук бойдон, ошондой эле сексенинчи жылдардын 
капортосуна чейинки  – М. С. Горбачевдун “кайра куруу” реформасына чейинки учуру 
“стагнация” (сенектик) мезгили деп аталып калган. Анткени, ар бир беш жылдыкка 
бөлүнгөн советтик пландуу экономикага  ылайыкталган өндүрүш калкка кереги барбы, же 
жокпу сапатсыз товарларды  үстөккө-босток, ашыгы менен чыгарып турган. Натыйжада, 
сунушталган товар керектөөгө караганда алда канча көп өндүрүлүп, экономикага 
граждандар тарабынан керектүү табигый инвестициянын өлчөмү өтө аз болуп, ошол эле 
учурда  СССРдин бюджетинин үчтөн бири АКШ жана анын создаштарына каршы 
жарыша куралданууга (гонка вооружений) жумшалган. Бул факторлор  ансыз да өнүкпөй 
аткан тоталитардык экономикага аябагандай катуу күч келтирген. Совет мамлекетинин, 
анын гегемону болгон коммунисттик партиянын элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу 
боюнча утопиялуу программалары ишке ашпай, коомдун алга жылышы да алда канча 
төмөн болгон. Советтик-тоталитардык жетекчиликтен тышкааркы эл массасы жапырт 
жакыр жашаган. “Тапсыз” “өнүккөн социализмдин” дооруна өткөн тоталитардык 
идеология, мурдагы “таптык” антагонизмден ажырап, ордуна советтик граждандардын 
жашоо-турмушун стимулдаштыруучу жаңы концепцияларды да бере алган эмес.  
  Горбачев Михаил Сергеевич   (1931-жылы туулган)   -  СССРдин биринчи жана 
акыркы президенти. КПСС БКнын генералдык секретары (1985-1991). Советтик 
тоталитардык системанын кулатуучусу. Нобель сыйлыгынын лауреаты 
Ушундай шартта, советтик адабият менен искусстводо да тунуп, туруп калган 
абалга туш болушу керек эле. Бирок, иш жүзүндө адабият менен искусствого улам жаңы 
ысымдар, жаңы генерациядагы таланттар кошулуп, алар көркөм маданиятты жаңы 
идеялары, жаңы көз караштары менен байытышкан, чыгармачылык изденүү улам жаңы 
багытта ишке ашкан.  Албетте, ошол эле учурда советтик-тоталитардык концепция, 
коммунисттик чектелген идеологиянын шлейфи андан ары сүйрөлүп, ага ылайыктуу 
чыгармалар да адабият менен искусстводо байма-бай жаралып турган. 
  Жетимишинчи жылдардын ичинде кыргыз театры эмнеси менен эсте калат? 
Биринчи кезекте, Бул жылдар улуттук артисттик өнөрдөгү чыгармачылык олуттуу 
жетишкендиктер менен коштолгон.  С. Жамановдун “Мүрөктүн суусундагы” даанышман 
Калмураты менен “Ай тутулган түндөгү” демондошкон миң сырлуу Дервиши; Б. 
Кыдыкееванын  “Энедеги” бүт дүйнө энелеринин күйүтүн тарткан Долорес энеси; С. 
Жумадыловдун “Эзоптогу” эркиндик үчүн жанын бергенге даяр өтө эмоционалдуу  Эзобу; 
А. Өмүралиевдин “Ак боз аттагы” текебер, канкор, зулум Чарыны; А. Кыдырназаровдун 
ошол эле “Ак боз аттагы” салыштырууга болбой турган өтө күчтүү трагедиялык кудурет 
менен ойнолгон Думанасы; Д. Күйүкованын дагы эле “Ак боз аттагы” эпикалык кеңири 
масштабда ойнолгон Алтын таяк Зулайкасы; Г. Дулатованын “Ай тутулган түндөгү” кубатту трагедиялык дем менен аткарылган, энелик чексиз мээримин таш жүрөккө 
бастырган Тангабикеси; А. Усупбековдун “Трибуналдагы” орустун лубокторунан 
келгенсиген бирде комедиялуу, бирде драмалуу контрасттардын чегиндеги Терешкосу; Ж. 
Сыдыкбекованын ошол эле “Трибуналдагы” элдик мүнөздү алып жүргөн, көлдөй айкөл 
колориттүү Полинасы; З. Молдобаеванын “Күнөөсүз күнөөлүүлөрдөгү” нукура 
интеллектуалдык драманын деңгээлинде трактовкаланган, накта ак сөөк Кручининасы; Ж. 
Сейдакматованын “Үйлөнүүдөгү” эксцентрикалуу Агафья Тихоновнасы менен “Кыз-
Күйөөдөгү” көңүл калууга, кусалыкка жык толгон Күлүсүнү; М. Далбаеванын  “Ак боз 
аттагы” бир туруп  айласыз мерез, аргасыз эрке, бир туруп амалы түгөнгөн, арманы күч 
Эркеайымы;  Т. Турсунбаеванын “Ак боз аттагы” келбети келишкен сулуу, өрттөй жанган 
шайдоот, шамдагай Лайлуму менен “Ромео менен Жульеттадагы” назиктигенде чек жок 
ашкере лирикалуу Жульеттасы; Б. Шалтаевдин “Ак боз аттагы” шырп алдырбай желдей  
учкан карамүртөз Шамуру менен “Ай тутулган түндөгү” бирде көңүлү эйфорияга, бирде 
жан чыдагыс кайгыга баткан Думанасы; К. Медетбековдун “Ашырбайдагы” 
карапайымдыкты энчилеп алгансыган Ашырбайы; Б. Алиевдин “Намыскөйлөрдөгү” жаш 
баладай эбелектеген, кыялы чукул Миңбашы менен “Атанын тагдырындагы” айылдык 
карылардын акылын берип койгонсуган Акылбеги; Ж. Козукеевдин “Ромео менен 
Жульеттадагы” керкакшыкчыл (ироничный) Меркуциосу менен “Трибуналдагы” түйүлгөн 
муштумдай чыңалган Володясы; М. Токтобаевдин “Машырбек үйлөнөттөгү” зөөкүр 
чалыш, бандит сымал Машырбеги; Ч. Думанаевдун “Ай тутулган түндөгү” сыпаа,  
мырзачалыш Акегети менен “Абийир кечирбейттеги” табияты өтө интеллигент, мүнөзү 
жумшак, ишенчээк Нурдини; Г. Каниметованын “Каракөздөгү” күчтүү трагедиялык 
темперамент ойнолгон тагдыры тайкы Каракөзү; Г. Ажыбекованын “Өлөрман эне жана 
анын баларындагы” импульсивдүү   дудук Катрини; А. Чокубаевдин “Байыркы 
жомоктогу” эксцентрикалык трагифарстын чегинде ойнолгон Кожожашы.  
Жетимишинчи жылдар кыргыз театры менен киносунда Соң-Көл чүрөгү атанган 
Таттыбүбү Турсунбаеванын  доору болуп саналат. Ченде жок сулуу, ошого жараша 
орошон таланты бар актрисанын “Ак боз аттагы” Лайлум, “Ромео менен Жульеттадагы” 
Жульетта, “Ай тутулган түндөгү” Шафак, “Мариядагы” Мария, “Маликадагы” Малика; 
“Ар бир үйдө майрамдагы” Мадина сыяктуу ж. б. ролдору кыргыз көрүүчүлөрүнүн 
аябагандай зор кызыгуусун жараткан, актрисанын атын жуиурай журтка тараткан.  
Экинчиден, ошол эле маалда, коммунисттик-тоталитардык идеологияга, советтик 
конъюнктурага ылайыкташкан “Күндүн чыгышы”, “Бийик жерде”, “Ашырбай”, “Уркуя”, 
“Эртең  жаңы жыл”, “Оптимисттик трагедия”,  “Кремль куранттары” сыяктуу “кызыл” 
пафостуу чыгармалардын сахналаштырылышы да ушул он жылдыктын аралыганда жатат.  
  Советтик театрда, айрыкча улуттук театрларда ар бир жылдын жаңы коюла турган 
репертуары бекигенде сөзсүз  түрдө дүйнөлүк классика, орус классикасы коюлушу талап 
этилчү. Жетимишичи жылдардагы кыргыз театрларынын афишасына көз чаптырсак ушул 
принцип толугу менен сакталганын көрөбүз: Кыргыз мамлекеттик академиялык драма 
театрында Фигейредонун “Эзобу”, Шекспирдин “Ромео менен Жульетта”, “Отелло”, 
“Ричард IIIсү”, А. Н. Островскийдин “Күнөөсүз күнөөлүүлөрү”, Н. В. Гоголдун 
“Үйлөнүүсү”, Карел Чапектин “Энеси”, Гарсия Лорканын “Бернарда Альбанын үйү”, Б. 
Брехттин “Өлөрман эне жана анын балдары” ушул репертуардык саясатка ылайык 
түзүлгөн.  
  Биринчиден,  аталган чыгармаларды сахналаштырышкан режиссерлор ар бир 
пьесаны потенциалы жетиштүү конкреттүү актерго, же актрисага ылайыктап тандагын.  
Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында О. Еркимбаева “Эзопту”, 
Гершт “Отеллону” С. Жумадылов; Б. Ибраев “Ромео менен Жульеттаны”  Т. Турсунбаева;  
О. Еркимбаева “Күнөөсүз күнөөлүүлөрдү” З. Молдобаева, “Үйлөнүүнү” Ж. Сейдакматова 
менен С. Жумадылов, “Энени” Б. Кыдыкеева;  А. Дыйканбаев “Бернарда Альбанын үйүн”, 
Б. Ибраев “Өлөрман эне жана анын балдарын” Д. Күйүкова; Нарын муздрама театрында 
М. Назаралиев “Отеллону” К. Медетбеков үчүн сахналаштырышкан.   Ушул жетиминшинчи жылдын ичиндеги Кыргызстандын театр картасында дагы 
бир кыргыз тилдүү жаңы коллектив пайда болот. Ал Ош кыргыз драма театры эле. 
 
ххх 
Жетимишинчи жылдардын башында Кыргыз мамлекеттик академиялык драма 
театрынын карамагында эки жылдык театр студия (окуу жайы) ачылат. Бул окуу жайынан 
болочоктогу кыргыздын көрүнүктүү артисттеринин дээрлик көпчүлүгү билим алышкан. 
Биринчи бүтүрүүчүлөрү: азыркы Кыргыз Республикасынын эл артисттери Чоробек 
Думанаев, Эгемберди Бекболиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери  - 
Анара Сыдыгалиева, Калыбек  Назаралиев, Шайырбүбү Мамбетова, Акелең Кускаков, 
Кыргыз Республикасынын маданитятына эмгек сиңирген ишмер Жаныш Кулмамбетов, 
артисттер Канат Жумадылов, Беккул. Дүйшөналиев, Маадангүл Осмонкулова, Элмира 
Токтобаева, Кожош Балбаев, Мадина Жекшенова, Жумакан Сариев ж. б.  
Жетимишинчи жылдардын аягында Москванын М. С. Щепкин атындагы театр 
окуу жайын, Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы театр жана сүрөтчүлүк институтун 
аякташкан жаш артисттердин тобу Кыргызстандын театрларына келип кошулушкан. Алар 
кыргыз театрынын болочоктогу таланттуу артисттери: Замирбек Сооронбаев, Тилек 
Жумагазиев, Асылбек Өзүбеков, Тынара Абдыразаева, Сайрабүбү Мырзалиева, Калыйча  
Сейдалиева, Шайгүл Алсеитова, Калыйча Акматова, Дилбар Мийникеева, Жумабек 
Осмонов, Акелең Кускаков, Асылбек Жолдошев, Үсөн Мирадуллаев, Абдырасул 
Эшалиев, Муратбек Кооманов, Дүйшөнбек Тагаев, Гүлмира Жумабаева, Каныбек 
Данияров, Колдош Камчыбеков,  Мунара Камчыбекова, Давлет Нургазиев, Гүлмира 
Нургазиева, Вера Сариева, Асан Аманов, Канат Жумадылов, Жоробек Аралбаев, Акылбек 
Мураталиев, Тынчтык Дулатов ж. б.  
Бул жаш артисттердин соңунан эле Москвадагы Бүткүл союздук кинематоргрфия 
институтун (ВГИК) аяктап келишкен Марат Жантелиев, Токон Дайырбеков, Асанбек  
Султанов, Акжолтой Кочкорбаева, Анара Мотоева, Калык Акматовдор да кыргыз 
театрларынын коллективдерине кошулушкан.    
 
 
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ 
  Жетимишинчи жылдардын ичинде Кыргызакадемдрама театрында артисттик 
муундардын алмашуусу активдүү жүрүп, М. Рыскулов, Б. Кыдыкеева, Д. Күйүкова, С. 
Жаманов, А. Боталиев, А. Көбөгөнов, С. Балкыбекова, Н. Кытаев, С. Күмүмшалиева, У. 
Исмаилова, Ж. Сыдыкбековалар менен тең тайлаша А. Кыдырназаров, С. Жумадылов, Ж. 
Арзыгулов, С. Далбаев, Ж. Сейдакматова, М. Далбаева, И. Райымкулова, С. 
Жунушалиева, К. Досумбаев, Б. Шалтаев, А. Усупбеков, И. Эшимбеков, Т. Турсунбаева, 
Н. Турсунбаев, А. Абдырахманова, С. Бийназаров, Ж. Козукеев, А. Чокубаев алдыңкы 
чыгармачылык позицияларга чыгышкан.  
Режиссурада.  М. Назаралиев 1971-жылы Нарын областтык муздрама театрына 
которулуп, Ж. Абдыкадыров 1973-жылы театрдан кетип, Кыргыз мамлекеттик 
академиялык драма театрына  Нарындан Б. Ибраев келип, экинчи режиссер болуп 
Москвадан окуусун бүткөнүнө эки жыл болгондо О. Эркимбаева дайындалган. 1976-
жылдан-1981-жылга чейин башкы режиссерлук милдет А. Дыйканбаевге жүктөлгөн.  
  1970-жылы театр азыркы жаңы имаратына көчүп кирген. Ошол эле жылы Кыргыз 
мамлекеттик драма театры “академиялык” деген статус алган. 
  Репертуарындагы ийгиликтүү коюлган спектаклдер.  Жогоруда 
белгиленгендей, саясаттагы, идеологиядагы, пландуу экономикадагы стагнацияга 
карабастан,  Кыргызакадемдрамда жетимишинчи жылдары биртоп кызыктуу 
чыгармачылык процесс жүргөн. Ушул мезгилде театрдын эң мыкты спектаклдеринин 
бири “Ак боз ат” коюлган. Ушул эле жылдары “Эзоп”, “Трибунал”, “Ай тутулган түндө”, 
“Байыркы жомок”, “Эне”, “Кыз-күйөө” сыяктуу көркөмдүк таасири олуттуу  оюндар 
жаралган.  
 НАРЫН ОБЛАСТТЫК МУРАТБЕК РЫСКУЛОВ АТЫНДАГЫ МУЗЫКАЛУУ-
ДРАМА ТЕАТРЫ 
Борбордук театрдан айырмалынып, ушул он жылдыкта, республикадагы экинчи 
кыргыз тилдүү театр, маал-маалы менен гана дүйнөлүк жана орус калссикалык 
пьесаларын сахналаштырганы болбосо, негизинен саясий-идеологиялык конъюнктурага 
ылайыкталган  жана жергиликтүү авторлордун чыгармаларын коюга басым жасаган.  
Андан тышкаары, тоолук театрдын спецификасына ылайык, кайрадан уюшулган 1958-
жылдан тартып концерттик ишмердүүлүгүнүн салтын да активдүү уланткан. Ошондуктан 
театр драмалык труппасынан тышкаары ырчы, комузчу сыяктуу таланттары менен 
Кыргызстандын баардык аймактарына белгилүү болгон. Бул мезгил Сейитказы Андабеков 
менен Койсун Карасартованын популярдуу концерттик дуэттеринин,  Сагыйпа 
Чечейбаеванын “Нарыным”, “Долон”, “Жаныбарым. Гүлсарым!” сыяктуу таңшыган 
ырларынын, Канымгүл Досмамбетованын “Ала-Тоолук чабанга”, “Кызыл өрүк”, “Анда 
сен” деген кереметтүү обондорунун, Тамара  Жумакаеванын обого созолонгон мукам 
үнүнүн, кыскасы,  ажайып бир таланттардын доору болчу.  
 
Жетимишинчи жылдарда Нарын муздрама театрында өткөн он жылдыктагы жаш 
деп эсептелген артисттер кыргыз сахна искусствосунун көрүнүктүү чыгармачыл 
инсандары болуп чыга келишкен: Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев, Дүйшө  Сариев, 
Деңизбек Чалапинов, Сагыйпа Чечейбаева, Канымкүл Досмамбетова, Тамара Жумакаева, 
Зейнегүл Эсеналиева, Калемкаш Атамкулова, Кеңеш Курманалиева, Ташбек 
Кудайбердиев, Гүлчач Абдырхманова, Турарбек Рыскулбеков, ж. б. Ал эми Бермет 
Өмүрова, Калыйбек Тагаев, Зарылык Касымалиев, Табылды Актанов, Нурдин Калыбеков 
ж. б. алар менен тең жарыша, бой тиреше өсүп чыга келишкен.  
Демек, ал мезгилге карата калыптанып калган стандарттуу советтик репетуардан 
тышкаары, чыгармачылык потенциалы күчтүү артисттерге атайын  пьеса тандоо, ошол 
кезде кайрадан тоолуу театрга башкы режиссер болуп кайтып келген М. Назаралиевдин эң 
башкы милдеттеринин бири болгон. Кыязы режиссер театрдын коллективи Шекспирге 
“тиши өтө” турган куракка келди, Муратбек Рыскуловдун деңгээлине чыккан артисттер 
бар деп эсептесе керек, К. Медетбеков үчүн “Отеллону” коюга бел байлайт. 
Дездемонанын ролун мектепти аяктап, театрга жаңыдан эле кирген Дамира Баратбаевага 
ыйгарат. Ягону Деңизбек Чалапиновго, Кассиону Зарылык Касымалиевге берет. 
Улуу муундагы артисттерди эталон кылып,аларга  кийинки жаштарды 
салыштырып, анан ошол залкарлар ойногон ролдорду кенже мууга берүү, кыргыз 
театрында М. Рыскулов, Б. Кыдыкеева, Д. Күйүковадан кийин пайда болгон. Ошон үчүн, 
ушул кезге чейин улам кийинки муундан Муратбек Рыскуловду, Бакен Кыдыкееваны, 
Даркүл Күйүкованы, же болбосо Таттыбүбү Турсунбаеваны “издөө” салты, ушул кезге 
чейин күчтүү.  
Демек, тоолуу театрда “Отеллону” кою чечиминин ичинде К. Медетбековдон 
Муратбек Рыскуловду “көрүүдөн” келип чыкканын мотив бир экенин  да четке кагууга 
болбойт. 
Тоолук театрдын “Отеллосун” борбордун (Фрунзенин) көрүүчүлөрү 1973-жылы, 
нарындыктардын чыгармачылык отчетунун учурунда көрүшкөн. Борбордук театр 
адистери тоолук театрдын бул оюнуна жогору баа беришкен. 
М. Рыскуловдун потенциалын  эталон кылуудан улам коюлган дагы бир драма 
“Атанын тагдыры”. Хлестаков сыяктуу курч комедиялык образ жаратып, Шамшы 
Түмөнбаев менен катарлаш комик атанган Бакирдин Алиев “рыскуловдук” экинчи ролду – 
Акылбекти ойногон (биринчиси актер жаш кезинде аткарган  Тейитбек). Курч мүнөз 
жаратуунун устасы Б. Алиев Акылбек сыяктуу драматизми терең образды дал ошондой 
драмалык масштабда жараткан. 
Жетимишинчи жылдардын ичинде тоолук театрда кийинки муундун ичинен 
Зарылык Касымалиев, Кенжекул Мендебаиров, Нурдин Калыбеков  театрдын негизги 
репертуардык жүгүн көтөрүшүп, коюлган спектаклдерде башкы жана борбордук  ролдорду ойношуп,  олуттуу чыгармачыл инсандар катары таанылып чыга келишти. Ал 
түгүл З. Касымалиев Нарын театры Фрунзеде чыгармачылык отчетто көрсөтүшкөн 
“Чалгынчынын тагдырынан” соң Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын 
сунушу менен жубайы, Нарында таланттуу бийчи катары таанылган Гүлнар Суранчиева 
экөө борбордук сахна коллективине иштөөгө өтүшккөн.  
Ушул он жылдыктын аяк ченинде Нарын муздрама театры жаңы  автордун   - 
Кадырбай Мамбетакуновду  ачты. Анын ыр менен жазылган, 19-20-кылымдарда Ат-
Башыдан чыккан кадимки Боогачы акын менен анын арзыганы Уулкан тууралуу жазылган 
“Укей” лирико-социалдык драмасын режиссер Эрменбек Токтогулов сахналаштырат. 
Тоолуу театрда коюлган ушул драмасы менен драматург дароо театр журтчулугунун 
оозуна алынган.  
Драманын музыкасын атактуу Жумамүдүн Шералиев менен композитор Астар 
Тыналиев жазышкан. Башкы ролдорду: Укейди азыркы кыргыз ырчылык өнөрүнүн эң 
көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, ал кезде чыгармачылыгын жаңыдан баштап аткан Майрам 
Дүйшөкеева, Боогачыны мыкты вокалист-актер Алымкул Карыпбаев ойношкон. 
 М. Дүйшөкеева да “Укейдин” ролунан кийин Фрунзедеги кезектеги чыгармачылык 
отчеттон соң Кыргыз мамлекеттик филармониясынын чакыруусу менен ишке өткөн.  
Мамбетакунов Кадырбай  (1939-1990)  –  драматург, акын. Нарындын Алыш 
айылында туулган. Чыгармачылыгынын башталышы  алтымышынчы жылдарга туура 
келет. Адегенде таланттуу акын катары таанылган. Алгачкы пьесасы «Укей». Андан 
сырткаары «Омар Хайямдын махабаты» , «Акын жана ажал» , «Боз бойдок», ―Кызыл 
таң‖, «Соңку жомок» ж. б. драмалардын, бир нече ыр китептеринин  автору.  Анын 
―Омар Хаямдын махабаты‖, ―Акын жана ажал‖ драмалары 70-80-жылдардлын ичинде 
Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында сахналаштырылган. 
 
МУРАТБЕК РЫСКУЛОВ 
(1909(1908, 1902) - 1974) 
20-кылымдын театр жана кино өнөрүндө Ашыраалы Боталиев, Аманкул Куттубаев, 
Анвар Куттубаева, Касымалы Жантөшев, Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Даркүл 
Күйүкова сыяктуу тубаса таланттардын ичинде элибиздин оозунда айрыкча айтылганы, 
таланты өзгөчө бааланганы, учурунда кесиптештеринин, замандаштарынын ичинен 
чыгармачылыгы алда канча көп жазылып, көп сөз болгону  Муратбек Рыскулов.  
М. Рыскуловдун феномени туурасында ондогон макалаларды мындай коелу, толгон 
монографиялар, чыгармачылык портреттер Кыргызстанда эле эмес, ал кезектеги СССРдин 
борбору Москвада да байма-бай жарык көрүп турган. 
Улуу актер кырк жылга чамалаган чыгармачылык жолунун ичинде кыргыз сахнасы 
менен киносунун ажарын ачкан ондогон образдарды жаратып, феноменалдуу 
энергетикасынын касиетине бөлөгөн. Алардын ичинде Каныбек, Отелло, Егор Булычев, 
Дикой,  Тейитбек, Акылбек, король Лир,  Фамусов сыяктуу образдары улуу актердун көзү 
бар кезинде эле хрестоматия айланган. М. Рыскуловдун    бейитиндеги    эстелиги король 
Лирдин түспөлүндө коюлганы да бекеринен эмес.  
Дегеле 20-кылымдагы кыргыз театрынын тарыхында М. Рыскуловдун король Лири 
улуттук сахна өнөрүндөгү туу чокулардын бири болуп саналат. Артисттин драмалык 
кудурети, трагедиялык масштабы, инсандык энергетикасы, феноменалдуу таланты ушул 
образда өзүнүн апогейине жеткен деп жазышат, залкар таланттын замандаштары. Ырастан 
эле, улуу актердун талантынын бүтүндөй кубаты, ошол эле учурда анын жеке адамдык, 
инсандык даанышмандыгына жуурулушуп, кыргыз элинин улуттук колоритине 
сугарылган, формасы европалык болгону менен ички маңызы нукура улуттук маанайдагы 
образ жаралган. Айрыкча,  артисттин кайталангыс тембри менен коштолгон Лирдин 
бороон учурундагы атактуу монологу, анын алп энергетикасы аркылуу көрүүчүлөрдүн аң-
сезимине кайталангыс катуу таасир берип, залдын эгергетикалык чыңалуусун өзгөчө 
арттырган. Эгерде ушул кезге чейинки улуттук сахна өнөрү туурасында жазылган тарых 
барактарын ачып карасаң, кыргыз театрынын басып өткөн жолундагы этаптуу  учурлары 
катары биринчи кезекте М. Рыскуловдун жараткан образдары менен гана 
байланышкандай таасир калтырат.  Анткени,  көзгө дароо эле  Отелло, же болбосо Егор 
Булычев, айрыкча Тейитбек, Акылбек менен король Лирдин образдары урунат.  
М. Рыскулов Тянь-Шандын Жумгалына караштуу Кайырма (азыркы Байзак) 
айлынан.  Соң-Көлдөн чыккан айтылуу Ак Мөөр сулууга ашык болгон Болот 
жылкычынын тукуму.  
М. Рыскуловдун туулган жылы так эмес. Өмүрлүк жубайы С. Күмүшалиева улуу 
актерду 1902-жылы туулган деп айтчу. Бирок, М. Рыскулов өзүнүн сырткы көрүнүшү, 
баскан-турганына караганда андан  да бир аз мурунураак 19-кылымдын аягында  -  1890-
жылдардын ичинде жарык дүйнөгө келгендей таасир калтырчу.  
Бала чагында кой кайтарып, жергиликтүү байга малай жүргөн.  
Отузунчу жылдардын капортосунда М. Рыскулов өз бактысын табыш үчүн Фрунзе 
шаарына келет. Адегенде каякка бараарын, эмне кылаарын билбеген жигит, ары урунуп, 
бери урунуп, акыры жумушчу болуп орношот. Башкача болушу да кыйын эле, анткени 
ликбездин учурунда (20-кылымдын жыйырманчы жылдарынын экинчи жарымында 
Кыргызстанда башталган сабатсыздыкты  жою кампаниясы) улуу актер мектептен окуп, 
башталгыч гана класстык билимди алып чыккан: “Отузунчу жылдардын башында 
Муратбек Рыскулов турмуштун жаңыча агымына шыктанып, алыскы Жумгал өрөөнүнөн 
Фрунзеге теелген кезде, бар болгону 3-класстын билими болгон экен”.  Демек, жок 
дегенде жети класс билим албагандан кийин, олуттуу адистикке окушу да татаал болчу. 
Иштеп жүргөндө,  билими болбосо дагы таланты мол М. Рыскулов болочок 
кесибин тандап олтуруп, 1936-жылы жаңыдан уюшулган жеткинчектер театрынын (ТЮЗ) 
босогосун аттайт. Комиссиянын сынагынан өткөн өнөргө шыктуу жаш жигит, ошондон 
тартып 1941-жылга чейин жаш жеткинчектер театрында иштеп, ошол эле учурда Кыргыз 
мамлекеттик музыкалуу-драма театрынын спектаклдерине да катышып, анча чоң эмес 
музыкалык партияларды ырдап, труппанын көпчүлүк артисттери менен кордебалетте 
бийлеп жүрүп такшалат.  
Чыгармачылыгынын он бир-он эки жылга созулган алгачкы этабында М. Рыскулов, 
биринчи кезекте, өтө жөндөмдүү комедиялык актер катары калыптанган: “Мисалы, ал 
түзгөн Мольердин  “Скапендин жоруктары” комедиясындагы Скапендин (1940-жылы 
ойногон), В. Шекспирдин “Он экинчи түн” комедиясындагы Сэр Тобинин (1942-жылы 
ойногон), Н. Гоголдун “Текшерүүчүсүндөгү” Шаар башчысынын (1943-жылы ойногон),  
Р. Шүкүрбековдун “Менин айылым” пьесасындагы жалкоо Рысбектин (1948-жылы 
ойногон),  ролдору, бир жагынан, адамдагы айрым кемчиликтерди ашкерелеп, 
көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөсө, экинчи жагынан, ар кыл мүнөздөгү адамдардын кыял 
жоруктары, кулк-мүнөздөрү аркылуу көрүүчүлөрдүн турмуштук түшүнүктөрүн кеңите 
алган маанилүү эмгектерден”. Эгерде, М. Рыскулов комедиялык актердун амплуасында 
чыгармачылыгын уласа, көрүүчүлөрдүн эсинен кеткис ийгиликтерге жетишмек экен: 
”Турмуштагы өзүнүн кылык-жоругу менен элдик куудул Куйручукту эске салган 
Скапендин ролунда М. Рыскулов колдон суурулган шумпай, кандай кыйын кырдаалда 
болсо да опоңой жол таап кеткен айлакер, акылдуу, элпек малайдын образын жараткан. 
Ал эми кыркынчы жылдардын акырында коюлган “Менин айылым” спектаклинде 
Муратбек Рыскуловду жалкоо Рысбектин ролунда көрүп калышкан адамдардын кимиси 
болбосун азыр да санын чаап, “ай бир тажаткыр жалкоо эле” – деп күлүп калышат”. 
М. Рыскуловдун комедиялык актер катары амплуасын алмаштырып, драмалык 
кудурети күчтүү актер катары көрүнөгөнү 1942-жылы Кыргыз мамлекеттик  драма 
театрына артист болуп өткөндөн тартып салына баштаган.  Ушул театрга өткөндөн кийин 
актер дароо эле К. Жантөшевдин, А. Токомбаевдин чыгармалары боюнча коюлган 
спектаклдерде борбордук ролдорду ойноп, коллегаларынын алдына суурулуп чыккан. 
Айрыкча Улуу  Ата Мекендик согуш жүрүп аткан учурда коюлган  “Курманбектеги” Тейитбектин ролун ойноп, театр коомчулугунун оозуна дароо алынган:“Курманбек” 
спектаклине катышкан артисттердин дээрлик баардыгын макташты. Айрыкча Муратбек 
Рыскуловдун драмалык күчтүү артист  экенин комиссия мүчөлөрү айрыкча белгилеп 
кетишти”.  
Элүүнүчү жылдардын ичи актердук искусстводо М. Рыскуловдун, Б. 
Кыдыкееванын, Д. Күйүкованын доминантасы алдында өткөн. Өзгөчө, бул мезгил улуу 
актердун чыгармачылыгынын айрыкча өнүккөн учуру катары эсептелет. М. Рыскуловго 
атак-даңк алып келген Отелло, Егор Булычев, Тейитбек, Дикой ушул он жылдыктын 
ичинде жаралган. Бул он жылдык  чыгармачылык ийгиликтин жыйынтыгы Акылбектин  
образы. 
Албетте, саналган образдардын ичинен экөөнү айрыкча бөлүп көрсөтүүгө туура 
келет. Бирөө Тейитбек, экинчиси Акылбек. Бири-бирине контрасташкан, өзүнүн образдык 
архитектоникасы, инсандык  палитрасы менен бирөө экинчисине кескин карама-каршы 
болуп турушашкан ушул образдарда М. Рыскуловдун артисттик масштабынын феномени 
абсолюттуу  көрүнгөн десек жаңылыштык болос. Уулу Курманбектен  бийлик талашкан 
Тейитбектин образында артисттин энергетикасы өзгөчө. Рыскулов-Текитбек адамды 
тиктегенде заар толгон көзү шилиден өтүп кетет. Курманбекке Телтору атты сурап келген 
Айганышка тескери бата  берген жериндеги Рыскулов-Тейитбек сөзүн киши чыдап уга 
албайт. Дегеле Рыскулов-Тейитбектин оозунан чыккан ар бир сөзү адамды курч бычак 
менен кескилеп аткандай таасир калтыраарын белгилешкен, замандаштары. Сахналык 
өнөктөштөрү улуу артисттин Тейитбеги жөнүндө көп сөз кылышып, залкар артист ойноп 
аткан ролуна  ушунчалык ишенип кирчү дешет, анын сахнадагы кейипкер экенин унутуп 
калгандай туюлчу экен. Артисттин образынын ушунчалык ынанымдуулугунан анын 
сахнадагы өнөктөштөрү Тейитбекти көрүп денелери дүркүрөп турчу экен. Ушундан улам, 
Рыскулов-Тейитбектин алдында өнөктөштөрү апкаарып, өзүлөрүн жоготуп койгон абалга 
чейин жетишчү дешет.  
Ушундай образдан соң “Атанын тагдырындагы” Акылбектин образы адамда 
таптакыр башкача таасир калтырат. Тейитбектей заары, каары  ашынган мизантроптун 
образын Рыскулов эмес башка артист жараткандай туюлат. Анткени, Рыскулов-Акылбек 
табиятынан кара жердин өзүндөй салмактуу, кыргыздын кылым карыткан карыларынын 
сөөлөтүн, наркын, даанышмандыгын, маданиятын алып жүргөн, аталык мээримине  чек 
жок нукура гуманисттик образ. Ушул контрасттын өзүнөн эле улуу артисттин  
талантынын, инсандык масштабынын диапазонунун аябагандай кеңири экенин көрүүгө 
болот.  
Алтымышынчы жылдардын ичинде кыргыз театрынын тарыхына М. Рыскулов 
“Король Лирдеги” король Лир,  “Акылдан азаптагы” Фамусовдун образдары менен кирди.  
Тейитбек менен Акылбектин, Дикой менен Отеллонун кулк-мүнөздөрүнүн 
синтезинен, жыйындысынан куралгандай болгон амбиваленттүү король Лирдин образын, 
улуу актер нукура адам жашоо-турмушта кандай көп кырдуу, көп сырдуу, көп түрдүү  
болсо, дал ошондой полифониялуу табиятка ээ инсан катары трактовкалоого 
умтулгандыктан, байыркы Британиянын падышасынын адамдык табияты психологиялык 
жактан өтө ынанымдуу сүрөттөмөгө ээ болгон. М. Рыскулов Лирдин кыздары менен 
болгон коллизиясын; андан соң Гамлеттин дилеммасындай түбөлүк чечилбей турган  жан 
кыйнаган суроолорго жооп издеп, жандырмагын таба албай аргасы түгөнгөн туңгуюктуу 
драмасын көрсөтүш үчүн, бүтүндөй инсандык кубатын, күчүн, жигерин, интеллект 
мүмкүнчүлүгүн, буга чейинки топтолгон чыгармачылык тажырыйбасын  толук 
жумшагандыктан, ролдун масштабынын  кудурети, кыргыз сахнасынын тарыхында мурда 
чанда гана кездешкен,  өтө ири эпикалык планга чейин көтөрүлгөн.  
Ак сөөк, славянофил Фамусовдун ролунда М. Рыскулов, “эзүүчү таптын” өкүлүн 
трактовкалоодогу советтик бир беткей түшүнүктөн  качып, жашоо-турмушка, орустун 
өткөн чагы, учур чагы, келер чагына карата өз көз карашы бар, толук кандуу адамдын образын түзүп, көрүүчүлөргө көз караштардын, түшүнүктөрдүн, позициялардын 
кагылышын өзү тескеп алуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн. 
Актердун театрдагы акыркы ролу “Өлбөстүн үрөнү” драмасындагы жүздөн аша 
жашаган Калча кары. Улуу актер Калчанын образы аркылуу кыргыздын көп кылымдык 
даанышмандыгын, кеменгерлигин бир кишиге топтоп  койгондой болгон көркөм 
жалпылоого жетишкен. 
М. Рыскулов кыргыз театрынын гана ажарын ачпастан улуттук кинодо да 
кайталангыс образдардын тизмеген калтырган. Анын “Бакайдын жайытындагы”, “Ак 
Мөөрдөгү” же болбосо “Уркуядагы” жараткан эстен чыккыс образдары кыргыздын 
көрүүчүлөрүнүн жүрөгүнө уюп, улуттун нукура табиятынан жаралган кейипкерлерге 
айланышкан.  
 
БАКЕН КЫДЫКЕЕВА  
(1923-1993) 
  20-кылымдагы кыргыздын европалык үлгүдөгү сахна өнөрүнүн улуу чеберлеринин 
ичинде Бакен Кыдыкеева таланты менен да тагдыры менен да өтө айырмаланып турат. Ал 
өмүрү чындыктан жаралган легендага айланган инсан.  
  Б. Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда азыркы Бишкек шаары жайгашкан жердеги 
Ворошилов району деп аталган “Төкөлдөштө” туулган. Атасы Кыдыке мектептин 
мугалими болгон. Ошол учурдагы кыргыздын кыргыздын көркөм-оозеки 
чыгармачылыгынын: Карамолдо (Токтомамбет) Орозов, Калык Акиев, Шаршен 
Термечиков, Куйручук, Актан Тыныбеков сыяктуу  залкар өкүлдөрү Кыдыкеникине көп 
келгендиктен, болочок актриса ошолордун өнөрүн көрүп чоңойгон.  
  Толук эмес орто мектепти аяктаган он төрт жашар Б.Кыдыкеева театрга барууну 
көксөйт да, ата-энесине айтпай туруп ошол кезде жаңыдан эле ачылып иштеп аткан Жаш 
жеткинчектер театрына (ТЮЗ) сынак берип, өтүп алат. Бирок, кызынын жоругун угуп 
алып, атасы Кыдыке мугалим экенине, жанагинтип эл шайырларына ынак экенине 
карабастан, кызынын “жин-шайтан менен жанашкан” артист болушуна караманча каршы 
болгон. Айласыздан, атасынын амирине баш ийген жаш артиска театрдан чыгып кетүүгө 
ниеттенип, арызын көтөрүп алып иштеген жерине барса, режиссер А. Самарин-Волжский 
ага дүйнөлүк драматургиянын алптарынын бири Лопе де Веганын “Койлуу булак” 
драмасындагы башкы ролду – Лауренсияны ойнойсуң деп, ролду колуна карматып коет. 
Жаш актриса, мейли ушул ролду ойноюн, анан театрдан чыгып кетейин деген ой менен, 
үй-бүлөөсүнө эч нерсе айтпай, айрыкча атасынан жашынып репетиция  кылып жүрүп,  
образды чыгарат. Спектакль триумф менен өтөт. Б. Кыдыкееванын ийгилиги тууралуу бүт 
республикалык гезит-журналдардын бири калбай жазып чыгышат. Ошондо, атасы 
кокусунан гезиттердин биринен кызынын ийгилигин окуп алып, жаш балача кубанып, 
ошондон кийин өмүрү өткөнчө таланттуу чүрпөсүнүн күйөрманына айланып, ар бир 
премьерасына кучак-кучак гүл алып барып турган.  
  Ларуенсия менен атагы чыккан актриса, отузунчу жылдардын аяк ченинен тартып, 
1944-жылга чейин үч театрда иштейт. Кыязы, Бакен Кыдыкеева ушул мезгилдин ичинде, 
Лауренсиянын ролунан кийин актриса  катары өз жөндөмүн анча көрсөтө албаса керек.  
Анткени, 1941-жылы Улу Ата Мекендик согуш башталган учурда жаш жеткинчектер 
театры жоюлуп, С. Жаманов, Д. Күйүкова сыяктуу ошол учурдагы күчтүү  артисттер 
кайрадан ачылган Кыргыз мамлекеттик драма театрына кошулганда, труппанын бир 
канчоосу, анын ичинде Б. Кыдыкеева да  Пржевальск шаарына (азыркы Каракол), Ысык-
Көл театрына жиберилет.  
Б. Кыдыкеева ушул коллективде иштей баштаганда өзү менен чогуу эмгектенген 
Тору-Айгырлык Абды (азыркы  таланттуу обончу жана артист Асылбек Өзүбековдун 
атасы менен аталаш адам болгон) деген жигит менен баш кошуп, кыздуу болот. Абдыны 
туугандары кайра театрга жибербей койгондуктан Б. Кыдыкеева кызын алып, 
Пржевальскиге иштегенге жалгыз кетет.  Ошол мезгилде, Москвадан жаңы эле окуусун бүтүп келип, Кыргыз мамлекеттик 
драма театрына башкы режиссер болуп дайындалган А. Айдаркуловду 1942-жылдын 
аягында республикалык жетекчилик оюн коюп келүү үчүн Пржевальск театрына 
жумшайт. Ал К. Эшмамбетовдун “Кара туман” драмасын сахналаштырат. Башкы ролду – 
Оксананы Б. Кыдыкеевага берет. Актриса бул ролду өтө жеткиликтүү ойноп чыккан. Так 
ошол кезде Режиссер менен Б. Кыдыкееванын ортосунда махабат оту тутанат. 1943-жылы, 
областтардагы артисттердин көбү согушка кетип, труппалары жылаңачтанып, азайып 
калган Ысык-Көл театры менен Тянь-Шань театры бириктирилип Нарынга  көчкөндө А. 
Айдаркулов бийик тоолу коллективге оюн коюга жөнөтүлүп, Б. Кыдыкееваны өзү менен 
кошо ала кетет.  
  Нарын театрында Б. Кыдыкеева эки жылга чамалуу эмгектенген. Бакен менен 
граждандык никеге турган А. Айдаркулов актрисага арнап, ошол кездеги актуалдуу 
пьесалардын бири  -   К. Симоновдун “Орус адамдарын” (“Русские люди”) коюп, ага 
борбордук ролдордун бирин  –  Варяны берет. Ушул эле театрда Б. Кыдыкеева 
“Курманбекте” Айганыштын, “Жаңылда” Жаркындын ролдорун ийгиликтүү ойногон.  
Б. Кыдыкееванын актриса катары жөндөмү бийик тоолу Нарын театрында көрүнүп, 
атагы бүтүн Кыргызстанга тарайт. Бир чети, сырткы келбети келишип, сымбаты 
чыккандыктан, экинчи жагынан, борбордук Кыргыз мамлекеттик драма театры героиняга 
муктаж болуп тургандыктан, “1944-жылдын аягында Кыргыз ССР Министрлер Советинин 
алдындагы искусство иштери боюнча башкармасы Бакен Кыдыкееваны  Фрунзеге 
которуп, ошол кезде жаңыдан коюуга даярдалып жаткан  К. Жантөшевдин “Курманбек”, 
К. Симоновдун “Орус маселеси” аттуу драмаларындагы Айганыш менен Жессинин 
ролдорун ойнотууну чечкен”.  
Жессинин ролунан соң, борбордо Б. Кыдыкееванын даңкы кайрадан ого бетер арта 
баштаган. 
1946-1950-жылдардын ичинде Б. Кыдыкеева ар  бир жаңы спектаклде ойногон 
сайын, таланттуу актриса катары улам таанылып кете берет. Б. Кыдыкеевага чыныгы 
чыгармачылык триумф 1950-жылы коюлган Шекспирдин “Отеллосундагы” 
Дездемонанын ролун аткарганда келген: “Б. Кыдыкеева “Отелло” спектаклиндеги 
Дездемонанын поэзиялык образын түзүү менен өзүнүн чеберчилик деңгээлин аныктап 
берди”.  
Дездемонанан ролу Б. Кыдыкееваны Кыргыз