ТҮЗҮЛҮШҮ

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин камкорчулар тобунун 05.02.2008 жылкы, № 2008-3 номерлүү чечиминин негизинде консерватория ачылган жана 2008-2009 окуу жылынан баштап актердук чеберчилик бөлүмү бакалаврдык программада өз ишин баштаган. 2013-2014 окуу жылынан баштап Театралдык искусство бөлүмүн алты (6) жолу бүтүрүүчүлөр өз адистиги  боюунча билим алып чыгышты. Азыркы учурда бир канча өлкөлөрдөн студенттер биздин бөлүмдөн професионалдык деңгээлде билим алушууда.