Аркага
5 Январь 2020

15.12.2017 tarihinde ‘İMAN, EDEP VE KÜLTÜR’ YILI MÜNASEBETİYLE «İNSAN VE DEĞERLER» ADLI YUVARLAK MASA TOPLANTISI DÜZENLENDİ


 

PROGRAM

15.00-15.15

Günün Önemiyle İlgili Konuşmalar:

KTMÜ Felsefe Bölümü Başkanı Prof. Dr. Camgırbek BÖKÖŞOV

KTMÜ Edebiyat Fakültesi Dekanı Prof. Dr. Layli ÜKÜBAYEVA

KTMÜ Rektör Yardımcısı Prof. Dr. Anvarbek MOKEYEV

15.15-17.00

Oturum Başkanı: Prof. Dr. Camgırbek BÖKÖŞOV 

Konuşmacılar:

Rinat BAKEYEV, K.C. Kültür, Enformasyon ve Turizm Bakanlığı Kültürel Mirasları Koruma ve Geliştirme Başkanlığı Başkanı

Prof. Dr. Mustafa ORÇAN, KTMÜ Sosyoloji Bölümü Başkanı

ALİYA İZZETBEGOVİÇ’TE AHLAK VE ÖZGÜRLÜK
Bu çalışmamızda ve oturumumuzda, 2017 yılının Kırgızistan’da “İman, Edep ve Kültür” yılı olarak ilan edilmesi dolayısıyla ”ahlak ve özgürlük ve Dünyaya bakış” konusunda önemli fikirler ileri süren Aliya İzzetbegoviç’in düşüncelerine yer verilecektir. Ona göre insanları diğer varlıklardan ayıran en önemli özelliği akılla birlikte ahlak gibi önemli bir değere sahip olmasıdır. İzzetbegoviç genel eğilimin aksine, insanları ekonomik durumuna, etnik yapısına göre değil, ahlaki durumuna göre sınıflandırmak gerektiğini ileri sürmektedir. Gündelik hayatta iki önemli kavram vardır: Birincisi vazife, ikincisi ise menfaattir. Menfaat siyaseti, vazife ise ahlakı ilgilendirir. Bazen insanların yaptıkları kendi menfaati için yapılan yardımlar temelde ahlaki değildir ve buna “sahte ahlak” demektedir. Bunun yanı sıra gerektiğinde tavrını göstermesi gerektiği halde göstermeyen kişileri ise “pasif ahlaklı” şahıs diye tanımlamaktadır. Ve ahlak için en vazgeçilmez ilke ise “ahlaklı olmak için ancak özgür olmak gerekir” fikrini öne sürmesidir.
Anahtar Kavramlar: “ahlak”, “sahte ahlak”, “pasif ahlak”, “ahlak ve özgürlük”, “Aliya İzzetbegoviç”

Prof. Dr. Cıldız URMANBETOVA,  KTMÜ Felsefe Bölümü

«Ааламдашуу алкагындагы Кыргызстандын маданий өнүгүүшү»

         Кыргызстанда 2017 жыл бекеринен эмес ыйман, адеп жана маданият жылы деп белгиленген. ХХ кылымдын экинчи жарымынан баштап маданият адамзаттын, доордун карама каршылыктуу маселелеринин борбору катарында чагылдырылып келет.

Глобалдуу деӊгээлде маданий өнүгүүнүн эки тармагы белгиленип турат: ааламдашуу, же болбосо унификациялоо багыты менен өзүн өзү аныктоо процесстеринин күчөшүү. Мындай көрүнүштөн улам ар бир эл өзүнүн тарыхый-маданий булактарын аныктоодо. Бул объективдүү көрүнүш катары эсептеленүүдө.

Кыргызстанда тарыхый-маданий булактар көчмөн маданияты менен аныкталып келет, ошондон улам азыркы учурда көчмөндөрдүн мурастары кайрадан каралып, заманбап мезгилге карата керектүү менталдык өзгөчөлүктөрү белгиленип турат. Руханий өнүгүүсүз биз өзүбүздүн өзгөчөлүгүбүздү сактай албай калышыбыз мүмкүн, ошондуктан жаш муундар үчүн байыркы улуу традицияны билип түшүнүү – доордун талабы катарында белгиленип жатат.

Dr. Mametbek MIRZABAYEV, İslam Araştırma Enstitüsü Müdürü

Маметбек Мырзабаев, Социология илимдеринин кандидаты (Ph.D.),  

Ислам изилдөө илимий институтунун мүдүрү

«Кыргызстанда жаштардын радикалдашуусунун негизги факторлору»

Кыргызстандагы жаштардын радикалдашуусунун негизги факторлору катары социалдык-экономикалык проблемаларды жана саясий чөйрөдөгү көйгөйлөрдү айтсак болот. Бул чөйрөлөрдө пайда болгон кыйынчылыктарды жеңе албаган жана салттуу комдук институттардан  жооп таба албаган жаштар, диний, кээде радикалдуу диний топтордон үмүттөнүүдө.

Кыргыз коомунда диндин таасири күчтүү болуп бара жаткандыгынын бирден-бир себеби жаштар диний уюмдарга башка коомдук институттардын милдетин жүктөп жаткандыгында. Тагыраак айтканда диний уюм, мекеме жана топтор саясий, социалдык, экономикалык функцияларды аткарып жатат. Кээде жаштар коомдук жана саясий нааразычылыгын дин аркылуу жеткирүүгө аракет кылууда. Диний объекттердин, мекемелердин, идеологиялардын жана диний лидерлердин өтө тездик менен көбөйүшү жана популярдуулугунун өсүшү ушуга байланыштуу. Мисалы, айылдагы намазкана, мечиттерден тарта мамлекеттик деңгээлдеги диний жогорку билим берүү уюмдарына чейин ачылышы жана бүткүл республикалык аймакка жайылышы. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы диний уюмдарга болгон жаштардын ишеними президент, парламент, ММК сыяктуу салттуу социалдык жана саясий институттарга болгон ишенимден ашып түшкөнүн көрсөтүүдө. Диний уюмдардын жана лидерлердин баркынын өсүшүн жакшы көрүнүш катары кабыл алуу мүмкүн эмеспи деген суроо туулушу мүмкүн. Бирок буга жооп берүү үчүн башка суроого жооп берүү керек: күн санап популярдуу болуп бара жаткан диний идеология, топ жана диний лидерлер коомдун стабилдүүлүгүнө жана өнүгүүсүнө канчалык салым кошууда?

Мындан сырткары ислам дининин саясатташтырылуусу да чоң көйгөйгө айланууда. Мамлекеттик кызматкерлер жана саясий ишмерлер саясий капитал табуу жана чогултуу максатында диний коомчулуктар менен тыгыз байланышта болууга аракет кылууда. Маселен, саясатчылардын жана мамлекеттик кызматкерлердин ажыга баруусу, диний салтанаттарга катышуу ж.б. Кээде алар дин тармагынан материалдык жана финансылык да пайда табууда. Диний фонддордун аларга болгон колдоосу жөнүндө көп мисалдарга күбө болуудабыз. Демек ар түрдүү идеологияга ээ жана сырттан ар түрдүү колоо алган диний жамааттар жана агымдар Кыргызстандын элита катмарынан колдоо тапты жана алар менен иштешүүнүн жолун өздөштүрдү десек болот.      

 

Talgat ABDRAHMANOV, K.C. Gençlik, Beden Eğitimi ve Spor Genel Müdürlüğü Genel Uzmanı

Yer: Cengiz Aytmatov Kampüsü K.Tınıstanov Konferans Salonu

Tarih: 15.12.2017

Saat: 15.00

Бишкек – 2017 / Bişkek 2017