Аркага
3 Декабрь 2014

Чамдагыла, “Манастын” балдары!


 

КРСУда үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында “Орус тилинин Кыргызстандагы абалы жана кош тилүүлүк маселелери” аттуу конференция болуп өттү. Ага башка жогорку окуу жайлардын  студенттери, магистранттары жана аспиранттары  менен катар Чыгыш тилдер бөлүмүнүн орус тил програмасынын 2 курсунун студенттери катышты.

 А.Райканова менен Р. Акыйкатов “Гумбольдттун өмүрү жана лингвистикалык идеялары» тууралуу айтып беришти.  А.Аблазиз кызы «Ч.Айтматовдун чыгармаларында кездешкен тюркизмдер”  деген темада доклад жасады.  Р. Молдошбай к. орус жана түрк тилдериндеги “сүйүү” семантикалык талаасына байланыштуу чакан изилдөөсүн көрсөттү.“Орус жана түрк тилдериндеги фразеологизмдер” тууралуу А. Саматова жана  К. Куркут айтып беришти.

Ал эми КТМУнун мурдагы бүтүрүүчүсү, азыр БГУда магистратурада окуп жүргөн  Шореш  Аби  орус тилинде эң мыкты доклад жасап, угуучулардын кызыгуусун жаратты.

“Катышуучулардын баары эле жогорку курстун студенттери, магистранттар менен аспиранттар экен. Биз аябай толкундандык. Бирок, кызыктуу болду”,- дейт  Айсулуу.

Айтсак, “Манастын” орус тилчи студенттери  мындай ишке  биринчи жолу катышып жатышкан жок. Н. Бекжан кызы жана Т. Карыпова былтыр Лермонтов окууларына катышып, баалуу китептер жана башка белектер менен сыйланышкан. С. Бусурманов орус тили боюнча олимпиадага катышып, биринчи орунду ээлеген.

Ийгиилк, силерге, балдар!

Чамдагыла!