Аркага
4 Июнь 2020

КЛИНИКАБЫЗДЫН 2019-ЖЫЛДАГЫ КЫЗМАТТАРЫ


Факультетибиздин түзүлүшүндө кызмат көрсөтүп келе жаткан малдарды дарылоочу  клиникабыз 2019-жылы Кыргызстандын Мал чарбачылыгына баардык күчү менен кызмат кылууну улантып келе жатат. 2017-жылы жаңы, заманбап имаратка көчүү менен клиникабыз ар кандай жабдуулар менен толукталып дагы бир кадам алдыга жылды. Доплер УЗИ, Эндоскопия сыяктуу жабдуулар менен камсыз болгон клиникабыз заманыбыздын баардык талаптарга жооп берген клиникага айланды десек болот. Мисалы:кабылдама, сурап-билүү, дарыкана,текшерүү бөлмөлөрү, күтүү залы, операция жасалуучу бөлмөлөр, клиникалык лаборатория, рентген бөлмөсү менен биргеликте студенттердин практика жүргүзүүчү залы түзүлдү жана керектүү жабдуулар менен жабдылды.

Бир гана окутуу эмес ошондой эле кызмат көрсөтүп келе жаткан клиникабыз 2019-жылдын ичинде баардыгы болуп 1200 оорулуу айбанды кабыл кылды. Алардын ичинен 301 мышык, 541 ит, 13 ат, 287 уй жана 53 кой-эчки түздү. Бул көрсөткүчтү болжол менен 600гө жакын Кыргыз жана 600гө жакын Орус улутунун өкүлдөрү  түздү. Бул болсо аларга Университетибизди жакындан таанууга мүмкүнчүлүк түздү десек жаңылышпайбыз.

2019-жылында клиникабызда жалпы 200дөн ашык операция ийигиликтүү жасалды.Ошондой эле 395 лабораториялык анализдер жасалды.189 ультра добуштук,255 радиалогиялык, 255 ЭКГ жана 50 эндоскопиялык текшерүү менен жалпы 719 диагноздоо ыкмалары колдонулду. 2019-жылы келген оорулуунун ичинен болжол менен 10 пайызы башка клиникалардын көрсөтмөсү менен келгендер түздү. Жол кырсыгы, уулануу сыяктуу тез жардамга муктаж болгон 70 оорулууга клиникабыз тарабынан жардам көрсөтүлдү. Баардык жасалган текшерүүлөр,операциялар жана башка диагноздоо ыкмаларын колдонууда студенттер активдүү түрдө катышышты.