Курстун максаты |
Түрк тилинин тыбыштарын, тыбыштык өзгөчөлүктөрүн, тыбыштардын классификациясын үйрөтүү; тыбыштарды өзгөрүү кубулуштары, түрк тилине таандык тыбыштык кубулуштардын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берүү; азыркы түрк тилиндеги тыбыштар менен мурунку доорлордогу тыбыштарды диахрондук жактан салыштыруу аркылуу түрк тилиндеги сөздөрдү жакындан билүүнү камсыздоо; басым, тон, интонация сыяктуу фонетикалык кубулуштар тууралуу маалымат берип, алардын түрк тилиндеги мисалдарын берүү; түрк тилин орфографиялык жана орфоэпиялык жактан туура колдонуу жөндөмдөрүн өстүрүү. |