Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGZ-204 КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ IV KIRGIZ DİLİ VE EDEBİYATI IV 4 0 + 2 1 2
Курстун деңгээли Бакалавр
Курстун түрү Талаптуу
Курстун мугалими Док. Жамила Бокоева
Курстун тили Кыргызча
Жардамчылар -
Аудитория -
Курстун максаты Мамлекеттик тилдин мүмкүнчүлүктөрүн турмуш-тиричилик, кесиптик чөйрөдө, ар кандай жагдайларда оозеки, жазуу түрүндө кеңири колдоно билүүгө үйрөтүү. Стилдин бардык түрлөрүнө мүнөздүү болгон тилдик каражаттарды бири-биринен айырмалоого, текстти талдоого, кайра түзүүгө, редакциялоого машыктыруу. Расмий жана бейрасмий иш кагаздарын так ажырата билип, аларды керектүү учурда сабаттуу жазганга көнүктүрүү. Илимий эмгектер менен иштегенди, цитаталарды натыйжалуу пайдаланганды, керектүү тексттерди конспектилөөнү үйрөтүү. Адистикке байланышкан терминдердин маанисин терең түшүнүп, аларды орду менен колдонгонго көнүктүрүү. Сөз байлыгын өстүрүү. Кыргыз адабиятынын табиятын өз алдынча түшүнүп, аны азыркы дүйнөлүк адабий баалуулуктар менен салыштырып баалаганга үйрөтүү. Кыргыз адабиятына жаңылык алып келген калемгерлердин өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу. Алардын үлгүгө тартарлык өрнөктүү адабий тексттерин окуп, терең түшүнүүгө көнүктүрүү. Акын-жазуучулардын адабий мурастарына, чыгармачыл өнөрканасына, адабий процесске сынчыл-эстетикалык талдоо жүргүзгөнгө машыктыруу. Адабияттагы агымдардын өзгөчөлүгүн жана сүрөткердин жеке индивидуалдуу стилин аныктаганды үйрөтүү.