Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
KGZ-203 КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ III KIRGIZ DILI VE EDEBIYATI III 3 0 + 2 1 2
Курстун деңгээли Бакалавр
Курстун түрү Талаптуу
Курстун мугалими Док. Мира Ибраева
Курстун тили Кыргызча
Жардамчылар -
Аудитория 103
Курстун максаты Көчмөн турмуштун адабиятка тийгизген таасирин түшүндүрүп, оозеки чыгармачылыктын түрлөрү менен тааныштыруу. Фольклор менен жазма адабияттын табиятын ажырата билүүгө үйрөтүү. Көркөм-эстетикалык дөөлөттөрдү жараткан таланттуу инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу. Байыркы жазма эстеликтер менен кийинки доордогу кыргыз жазма адабиятынын ээлеген ордун, ошол мезгилден калган баалуу адабий мурастардын маани-маңызын өз алдынча талдаганга үйрөтүү. Ошол мезгилде жашаган калемгерлердин өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу. Үлгүгө тартарлык өрнөктүү адабий тексттерди окуп, терең түшүнүүгө жана аудио китептер менен иштөөгө көнүктүрүү.Кыргыз профессионал жазма адабиятынын жаралышы, калыптанышы жана өнүгүшү жөнүндө кабардар болот. Ошол мезгилде адабиятка келген калемгерлердин өмүрү жана чыгармачылыгы менен таанышат. Үлгүгө тартарлык адабий мурастарды окуп, терең түшүнүүгө жана аудио китептер менен иштөөгө көнүгөт. Көркөм чыгарманын табиятын, жанрдык касиетин, мазмундук жана формалык түзүлүшүн үйрөнөт. Кыргыз адабиятынын табиятын өз алдынча түшүнүп, аны азыркы дүйнөлүк адабий табылгалар менен салыштырып баалаганга машыгат.