Курстун максаты |
Органикалык заттардын түзүлүшүн, касиеттерин, айланууларын электрондук жана мейкиндик теориялардын негизинде ачып көрсөтүү. Реакциялардын механизимин билүү менен реакциянын жүрүү стадияларын, багытын жана алынган продуктылардын чыгышын көрсөтүп, аларды өндүрүш процесстеринде кандай колдоно билүү керек экендигин студенттерге жеткирүү негизги максат болуп саналат. Органикалык бирикмелердин класстарынын ортосундагы генетикалык байланыштарды ачып көрсөтүү. Студенттерге органикалык заттар менен иштөо ыкмаларды, жана аларды заманбап методдорду колдонуп бөлүүнү жана заттардын түзүлүшүн тастыктоочу константаларды аныктоону үйрөтүү. |