Курстун коду Курстун аты (Кыргызча) Курстун аты (Түркчө) Семестр Апталык саат Кредит ЕКТС
CEV-100 ЭКОЛОГИЯ EKOLOJİ 1 2 + 0 2 2
Курстун планы
Апта Темасы
1. Апта Киришүү. Экологиянын маселелери, изилдөө объектиси жана структурасы. Экологиянын дисциплиналар арасындагы мүнөзү.
2. Апта Организмдер жана алардын жашоо чөйрөсү. Экологиялык факторлордун классификациясы. Экологиялык мыйзам ченемдүүлүктөр жана оргназимдердин карым катнашы.
3. Апта Экосистема. Биоценоз, анын структурасы жана касиети. Биоценоздун трофикалык структурасы жана компонентери. Экологиялык пирамидалар.
4. Апта Биосфера. Биосферанын түзүлүшү жана физико-химиялык касиеттери. Ноосфера туралуу заманбап көз караштар.
5. Апта Экологиянын глобалдык көйгөйлөрү. Кирдөө жана кирдетүүчү заттар тууралуу түшүнүктөр.
6. Апта Атмосферанын кирдеши. Климаттын глобалдык өзгөрүүсү жана парник эффектиси: механизмдери жана терс натыйжалары.
7. Апта Озон тешиктеринин жана кислоталык жаандардын пайда болу механизмдери жана түшүнүктөрү.
8. Апта Гидросферанын кирдеши. Ичме суулардын жана Дүйнөлүк океандын булгануу көйгөйлөрү.
9. Апта Литосферанын кирдеши. Тиричилик жана өндүрүштүк калдыктарды утилизациялоодогу көйгөйлөр.
10. Апта Айлана чөйрө жана адамдын ден-соолугу. Калктардын жайгашуусу. Шаардык жана өндүрүштүк экосистемалар. Ызы-чуунун, электромагниттик нурдануунун жана радиациянын адам баласына терс таасири.
11. Апта Жаратылышты рационалдуу колдонуунун принциптери. Айлана чөйрөнүү коргоо. Энергиянын алтернативдик булактары. Дүйнөлүк океандын ресурстары жана аларды колдонуу.
12. Апта Токойлорду рационалдуу колдонуу жана коргоо.
13. Апта Коруктар, өзгөчө корголуучу аймактар жөнүндө негизги түшүнүктөр. Кызыл китеп.
14. Апта Экологиялык мониторинг. Негизги түшүнүктөр.
15. Апта Экологиянын экономикалык аспектилери. Учурдагы экологиялык-экономикалык кырдаал. Экономиканы экологизациялоо жана мониторинг.
16. Апта Экологиянын укуктук аспектилери. Экологиянын тармактары жана экологияда эл аралык кызматташтык. Экологиялык эл аралык кызматташуудагы көйгөйлөр.