Биология бөлүмүнүн тарыхы

             Кыргыз-Түрк  «Манас»  университетинин Биология бөлүмү 2008-2009 окуу жылы Табигый илимдер факультетинин курамында ачылган университеттеги эң жаш бөлүмдөрдүн бири. Бөлүмдүн ачылыш зарылчылыгына учурдагы биология илиминин экономикада жана коомдун турмушунда олуттуу ролу негиз жана себеп болду. Учурда бөлүм биологиянын ар кайсы багыттары боюнча эл аралык билим берүү программасына шайкеш келген бакалавр, магистр жана докторлук (PhD) даражаларындагы сапаттуу адистерди даярдоодо. Бөлүмдү биология илимдеринин кандидаты Кадырбай Чекиров жетектейт. Алгач жаңы ачылганда бөлүмдө 1 профессор жана 1 катчы эмгектенсе, азыркы учурда бөлүм чет өлкөлөрдүн (Россия, Германия, Швейцария, АКШ, Чехословакия, Турция ж.б.) илим-изилдөө лабораторияларынан илимий стажировкалардан өтүп келишкен жогорку тажрыйбалуу адистер менен толук камсыздалган. Окутуучулар курамы менен толугураак сайттын “кызматкерлер” баракчасынан таанышууга болот.

Бөлүмдө жалпы биология, биохимия, гистология илимий лабраториялары жаңы заманбап технологиялык приборлор жана аспаптар менен жабдылып, ботаника (гербариум) жана зоо-анатомиялык кабинеттер уюштурулган. Ошондой эле бөлүмдүн карамагында студенттердин окуу-талаа практикалык иштерин жана эксперименттерин жүргүзүүлөрүн камсыздоо максатында университеттин кампусундагы 1 гектар аянтка ботаникалык бакча түзүлгөн.

Илимий-изилдөө багыттары негизинен – өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын систематикасы, физиологиясы, молекулалык биология, генетика, клеткалык биология, биохимия, иммунология, гидробиология, микробиология, макро- жана микроморфология сыяктуу биология тармактары менен байланыштуу. Жогоруда белгиленгендей, заманбап илимий лабораториялардын бөлүмдө болушу, изилдөөчүлөргө ар кандай багыттагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Биология бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы университет жана кошумча фонддор тарабынан каржылануучу илимий проекттердин алкагында изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бөлүмдөгү илимий иштер боюнча тереңирээк сайттын “Изилдөөлөр” баракчасынан таанышууга болот.

Бөлүмдө аткарылып жаткан иштердин баардыгы студенттердин өз адистиги боюнча дүйнөлүк стандарттарга ылайык, сапаттуу терең билим алуусуна, илимий иштерге аралашуусуна жана глобалдашуу шартында атаандаштыкка жөндөмдүү адис болуп чыгуусуна багытталган.